00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Ломбардга буюм коердо эмнелерге көңүл буруш керек, алданганда каяка кайрылса болот? Финансылык көзөмөл кызматы менен маек
09:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Подготовка к перевыборам в 13 округе: какие уроки извлечены из аннулированного голосования
10:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкөдө жумушсуздукту азайтуу жана жаштарды эмгек рыногуна тартуу боюнча иштер кандай жүрүүдө?
11:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Бишкек коопсуз, жашоого ыңгайлуу шаар — Башкы планда эмнелер камтылды?
13:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
12 жылдык окутуунун программасы жөнөкөйлөтүлөт — эмнелер өзгөрүүдө?
15:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Горы любят внимательных: как кататься в горах Кыргызстана без риска
16:04
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
Кулпунат Нуруйбекова: Мурда мугалим десе уялчумун азыр сыймыктанам
17:04
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Почему родители отказываются от лечения онкобольных детей в КР - беседа с главой отделения
18:07
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Топоз өндүрүүнү колго алуу кыргыз эт багытын өзгөртө алабы?
19:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
12 жылдык окутуунун программасы жөнөкөйлөтүлөт — эмнелер өзгөрүүдө?
21:04
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Өөп-жыттап жибербе! Кеңседе конок тосуу этикети

CC BY 2.0 / perzon seo / business man and woman handshake in work officeКол алышып жаткан офис кызматкерлери. Архив
Кол алышып жаткан офис кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жумуш боюнча офиске баш баккан адамды күтүү деле кадимки мейман тоскон сыяктуу. Сылыктык жана кылдат мамилени талап кылат.

Этикет мугалими Нуржан Исмаилованын айтымында, кеңседе конок күтүүнүн бир катар жазылбаган эрежелери бар.

Аларды жакшылап үйрөнүп алсаңыз, жетекчиликке жаман көрүнбөй, конок менен тил табышканга жана карьералык тепкичтен көтөрүлүүгө дагы жардамы тиет.

Өөп-жыттап жибербе

Кийим тандап жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Албагандан кийин улам бирин кие бербе. Дүкөндө жүрүүнүн 6 эрежеси
Айрым учурда кеңсеге алыскы тууган, мурдагы кесиптеш же көптөн бери көрө элек тааныштар баш багып калат. Ал адамды канчалык жакын таанып же көргөнүңүзгө сүйүнүп жатсаңыз дагы элдин көзүнчө кучактап, өөп-жыттай көрбөңүз. Бул кеңсе маданиятына туура келбейт. Саламдашып, башкаларга угузбай "сагынычыңызды" акырыныраак айтыңыз. Жылуу мамилени жумуштан тышкаркы жерде билдириңиз. Сиздин ашынган көңүл бурууңуз конокко жагып турса дагы, элдин көзүнчө ыңгайсыз абалда калтырышы мүмкүн.

Сенсиребе

Коноктун жашы канчада экенине карабай сиз деп кайрылган туура. Өзгөчө ал кайсы бир кызмат адамы болсо, досуңузду дагы элдин көзүнчө сен деп айтуу одоно көрүнөт.

Меймандостук

Конокко чай, кофе жана таттууларды сунуштоонун өз эрежеси бар. Эгер адам сизге келсе, ишти же маекти баштаганга чейин суусундук сунуштап, макул болсо даярдап алып отуруңуз. Эгер башка кесиптешке же жетекчиликке келип, бирок аны күтүүгө туура келип калса, ошол учурда аны чай менен алаксытып турсаңыз болот. Баса, эреже боюнча конок сиздердин кеңседе жарым сааттан ашык кармалса, ал аралыкта эки ирет чай сунуштоо керек. Мындан тышкары, мейманыңыз түшкү тамак маалында же узагыраак мөөнөткө келе турган болсо момпосуй, печенье, кургатылган жемиштерди алып коюңуз. Биринчиден, сүйлөшүп жатканда өзөк жалгап отурган жакшы. Экинчиден, адам менен дастаркон үстүндө сүйлөшүү алдаканча жемиштүүрөөк болот.

Шыбырашпа

Ооруканадыгы дарыгерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кезекте тургандардын башын аттабаңыз! Ооруканада жүрүү этикети
Эч убакта коноктун көзүнчө шыбырашып же артынан күлбөңүз. Түшүнүп турам, кесиптештер менен конокко эч тиешеси жок сүйлөшө турган сөздөр бар. Бирок өзүңүз элестетип көрсөңүз, бирөөлөр сизге угузбай бир нерсе айтып, анан шыңкылдап күлүп жатканын. Мындайды ар бир эле адам өзүнө алат.

Күттүрбө

Кеңсеге келем деген адамдын бираз кечигип калышы анчалык одоно көрүнбөшү мүмкүн. Анткени сиз иш ордуңуздасыз, дегеним ошол учурда башка жумуш менен деле алек боло аласыз. Ал эми конокту күттүрүү өтө жагымсыз көрүнүш. Сиздин гана эмес бүтүндөй компаниянын имиджине көлөкө түшөрүндө талаш жок.

Бир нерсени таңуулаба

Айрым компанияларда кызматкерлер үчүн стол үстүндөгү оюндарды ойночу бөлмөлөр же атайын чылым чекчү жайлар болот. Ал жактарга адамдын өзүнөн сурабай туруп киргизип албаңыз. Анткени ал чылым чекпеген же силер ойногон оюндарга таптакыр кызыкпаган адам болушу мүмкүн.

Бирөөнүн коногун "менчиктеп" алба

Мейманкананын номерин жыйнап жаткан кызматкер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бөлмөгө киши түнөтпө! Эс алуудагы мейманканада жашоо этикети
Конок кесиптешиңизге келген болсо, аны менен учурашып, ал-жайын сурап коюу жетиштүү. Бирок учурдан пайдаланып өз жумушуңузду бүтүрүп алууга аракет кылбаңыз. Бул башкалардын убактысы менен эсептешпеген кишинин кыла турган иши. Кээде конок менен кабылдамада же коридордо сүйлөшүп турсаң кесиптештер сөзгө аралашып кетет. Эсиңизде болсун, конок менен кесиптешиңиздин жай-баракат сүйлөшүп турушу, иш бүттү дегенди билдирбейт. Адатта дал ушундай бейформал маектер учурунда маанилүү маселелер чечилиши мүмкүн. Андыктан күтө турууга туура келет. Баса, башка бирөөнүн коногу менен сүйлөшөөр алдында убактысы бар-жогун тактап алыңыз.

Сылыктык

Кыргызда үйгө келген кишини "иттен чыгарып кой" деген жакшы кеп бар. Ушул эле эреже кеңседе дагы сонун иштейт. Адамды босогодон ары узатып коюу — ага болгон сый мамилеңизден, аны менен кызматташуу сизге маанилүү экенинен кабар берет. Дагы бир өтө зарыл нерсе — сылыктык. Адам сиздин "аймакта" жүргөндө кыр көрсөтүп, оройлонбоңуз. Бул үйгө конокко келген адамды кыйкырып-өкүрүп, сыртка чыгарып койгонго барабар.

Жаңылыктар түрмөгү
0