Ошто 13 жаштагы балага чагылган тийип каза тапты

© AFP / JOCHEN LÜBKEУдар молнии во время летней грозы в Ганновере
Удар молнии во время летней грозы в Ганновере - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2006-жылкы бала ооруканадан каза тапкан.

БИШКЕК, 15-июн – Sputnik. Ош облусунун Ноокат районунун Бел-Өрүк айылынын 13 жашар тургуну чагылган тийип каза тапты. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирмеге ылайык, окуя 15-июнь күнү саат 14:45 чамаларында болгон.

Анда Бел-Өрүк айылынын 2006-жылкы тургуну короодо жумуш жасап жаткан учурда чагылган түшүп, ооруканага жеткизилгени айтылат.

ӨКМдин маалыматы боюнча, бала ооруканадан жан берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0