Кыргызстандык, анын ичинде мен кыргызмын деген жарандарга июндун эки күнүндө Кытайдын Борбордук театры тартуулаган "Манас" операсы күтүлбөгөн руханий майрам болду. Мен көптөн бери чын дилден искусствого таасирленип, көздөрү жанып жана элдин мынчалык узакка чет элдик артисттерди сахнадан кетирбей, узакка кол чаап турганын көрө элек экенмин.
Театрдын ичинен баладан аксакалга, студенттен мугалимге, улуусунан кичүүсүнө чейинкилерди көрүүгө болот эле. Зал жыкжыйма, отургандан орун жетпей туруп тургандар арбын болду. Бирок үч саатка жакын тикесинин тик туруп көрүштү!
Баары Бишкек шаарында кытайлык артисттердин кытай тилинде "Манас" эпосун Бишкектин чок ортосундагы кыргыз театрынын сахнасына алып чыккандыгынан "башталды".
Опера — искусствонун эң татаал түрү. Операнын өзгөчөлүгү — анын массалык маданият эместигинде. Кыргыз опера жана балет театрына көптөн бери бара элек болчубуз. Пекин опера жана балет театрынын (Борбордук театры) "Манас" операсына барып өтө таасирлендик. Бул Манас темасы «Айчүрөк» операсында коюлган, андан бери көп жыл өттү. Ага биздин СССРдин эл артисттери катышып, кыскасы, СССР доорундагы эң чоң долбоор болгон.
Менин билишимче, Манас темасына тышкы өлкөлөрдөн биринчи жолу ошол Кытай кайрылып жатат. Мындан үч жыл мурда Пекин шаарында коюлган экен.
Мен көрүүчү катары белгилесем, көзгө урунган, көңүлгө толгон үч өзгөчөлүк байкалды.
Биринчиси — башкы ролду аткаргандар Кытайдын таанымал опера ырчылары. Экинчи артыкчылыгы кийимдери болду. Биздин байыркы маданиятты, кийинүү өнөрүн абдан тыкыр изилдеп чыгып, актерлорго кийгизишкен. Соот, бутту коргогон чопкуттар, ал тургай бизде да унутулуп калган. Үчүнчүдөн, музыканын кубаттуулугун өтө чеберчиликте пайдаланган. Биз кечээ кээ бир жерлеринде Барпы акындын "Мөлмөлүм" ырын уктук.
Мени таңгалдырганы...
Узак экендигине карабай эл көз айырбай үч саат тиктеп отурду. Аягында Айчүрөк, анан Семетей, анан Манас чыкканда эл "Манас, Манас" деп ураан таштап жиберди. Мына ушул искусствонун туу жетишкендиги! Эл кетпей, 7-10 мүнөттөй кол чаап турду. Кыргызстанда мындай көрүнүш акыркы учурда жеке мен өзүм барган окуяларда боло элек эле. Бул биздин опера театрынын артисттерине, искусство тармагына чоң сабак. Эми биз аларды Пекин театрына жиберишибиз керек. Биз койбогон "Манасты" алар сахналаштырды. Эми ал өзүнчө сөз. Кептин нугун негизги ойго бурайын...
Мен байкаган учурум — Пекин театрынын "Манас" операсы көрүүчүлөрдү өзүнүн сүрү менен алды. Операда, кинодо деле эң оор жанр — согуштук баталия. Булар аны минимум артист менен максимум колдонгон. Согуштук эпизоддорду кылыч, айбалтаны пайдаланып, сонун эффект алды.
Проектор, заманбап техниканын жардамы менен биздин театр көтөрүп, ташып жүргөн декорацияларды алмаштырып, мыкты кылып берди.
Кытайлыктар койгон "Манасты" көрүп отуруп, артисттерди тандагандыгын белгилеп койгум келди. Үндөр, аваздары өзгөчө кеп кылууга арзыды.
Дагы бир белгилей кетчү нерсе — сахнанын дал төбөсүндө Манастын жортуулга кийген туулгасынын илинип турганы (көлөмү бир топ экендигин эске алсак, албетте, көрүүчүлөргө өзүнүн таасирин берди). Баш кийим сахнада операнын башынан аягына чейин көз алдыбызда турду. Кээде туулганын кырлары, бурчтары күйүп, өчүп жатты. Ал ошол доорду элестетип отурду. Бир эле учурда кыргыз элинин башынан өткөргөн кыйын кезеңдери, бир эле учурда такты — бийлик орду, бир эле учурда Манастын карааны, бир эле учурда ал — намыс. Мен ошону эртеден кечке карап отурдум. Бул мыкты табылга болуптур. Манастын баш кийиминин алдында оюн жүрдү. Хандын башы, баатырдын башы, намыс баарынан улук дегендик. Опера жанрында мындай чечимди табуу өзгөчө чеберчиликти, талантты жана тынбай изденүүчүлүктү талап кылат.
Кыскасы, операнын маңызы, тексти, сахнанын дизайны, артисттердин чеберчилиги, музыка айкалышып келип биз канчадан бери кино кылып тартабыз деп жүргөн Манастын образын бизге жеткирип жатты.
Искусство оболоп учканда, чек ара майдаланат
Менин эсимде айкөлдүн үч элеси бар. Ал — Саякбай айткан Манас, режиссер Жалил Садыков койгон спектаклдеги Манас, үчүнчү дагы бир үлкөн кинорежиссер Мелис Убукеевдин баатырдын духун жеткире билген Манасы. Мен үчүн Манасия дүйнөсүндө жаңы Манас пайда болду. Бул - Пекин опера театрынын "Манасы".
Өнөрдө душман деген түшүнүк жок. Искусствонун эң бийик касиети — чек араларды сүрүп салышы. Искусство өтө оболоп учканда чек ара майда болуп калат.
Ошентип 11-июнда театрда көптөрдүн арасында туруп алаканым ысыгыча кол чаптым. Толкундандым. Алардын искусствонун тили менен Манастын, Семетейдин баатырдыгын, айкөлдүгүн көрсөткөн учурга күбө болдум, сездим, туйдум. Өзүбүздү өзүбүз көрүп, дагы бир ирет тааныгандыктан улуттук чоң сыймыкты пайда кылды.
Манасты жүрөгүм менен да, акыл-оюм менен да, көз менен, дене боюм менен сезген учурга кабылдым.
Бул менин руханий дүйнөмдү байытып, өзүм да түшүнбөгөн, бирок жылуулук аралаган сезимди, кандайдыр бир канааттанууну пайда кылды.
Бар бол, Манас!