Атасы "маскарапоздун окуусу" деп жактырган эмес. Насыр Давлесов тууралуу 8 факты

© Sputnik / Мамадалиев / Медиабанкка өтүүКомпозитор Насыр Давлесов
Композитор Насыр Давлесов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз эл артисти, дирижёр жана композитор, өлкө гимнинин авторлорунун бири Насыр Давлесов 2011-жылы 12-июнда 83 жашында дүйнө салган. Ал совет доорунда өсүп чыккан кыргыз композиторлорунун залкары эле.

Насыр Давлесов кыргыз музыкасынын өнүгүүсүнө эбегейсиз салым кошкон. Sputnik Кыргызстан агенттиги залкар талант тууралуу кызыктуу фактыларды сунуштайт. 

Залкар төкмө акын, комузчу, обончу, дастанчы, эл артисти Алымкул Үсөнбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Аялын айтышып жүрүп алган. Акын Алымкул Үсөнбаев тууралуу 7 факты
"Маскарапоздун окуусу". Насыр Давлесов (Дөөлөсов) 1929-жылы 15-мартта Чүй облусуна караштуу Кемин районунун Кара-Булак айылында карапайым үй-бүлөдө туулган. Бала чагынан эле музыкага болгон шыгы билинип, комузда кол ойнотуп, анын коштоосунда ырдап чоңоёт. Таланттуу жаш бала кумири катары айылдашы болгон композитор жана опера ырчысы Абдылас Малдыбаевди туу тутчу. Бирок анын ырчылыкка болгон кызыгуусун ата-энеси анча жактыра берчү эмес. Давлесов 1944-жылы жети жылдык мектепти аяктаган соң чыгармачылыкка аралашууга бел байлайт. Максатын ишке ашыруу үчүн Фрунзеге аттанган кезинде атасы "маскарапоздун окуусун окуп эмне кыласың" деп капаланган экен.

Согуштагы музыканттардын ордуна келген. Ал кезде Улуу Ата Мекендик согушка катышуу үчүн майданга аттангандардын арасында чыгармачыл адамдар да бар эле. Мындан улам борбор калаадагы Элдик оркестрге артисттер жетишпей жаткан. Алардын ордун бир катар жаш жигиттер толтуруп, арасында Давлесов менен бирге Калый Молдобасанов, Сейдалы Медетов сыяктуу таланттуу инсандар да бар болчу. Бир жылдан соң устаттарынын кеңеши менен Фрунзедеги Муратаалы Күрөңкеев атындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайына тапшырат. Жумуш менен билим алууну кошо алып жүргөн жигит окуусун 1949-жылы артыкчылык менен аяктайт. Студент кезинде эле анын таланты тууралуу сөздөр тарай баштагандыктан, окуусун Москвадан улантууга шарт түзүлөт. Москва мамлекеттик консерваториясында опера-симфониялык дирижёр адистиги боюнча билим ала баштайт. Аны 1956-жылы бүтүргөн соң өлкөгө кайтып, чыгармачылыкка баш-оту менен киришет.

Дүйнө өлкөлөрүн багындырган музыка. Насыр Давлесов 1958-жылы Карамолдо Орозов атындагы Кыргыз мамлекеттик эл аспаптар оркестринин дирижёру болуп дайындалып, төрт жыл кызмат өтөйт. Андан соң Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрында дирижёрлук кылат. Анын таланты өлкө сыртына да таанылып, Бүткүл союздук симфониялык оркестр, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Латвиянын мамлекеттик оркестрлери менен биргелешип иштешет. Концерттик иш-чаралар менен Канада, Дания, Эфиопия, Сирия жана Швейцария сыяктуу дүйнөнүн булуң-бурчундагы өлкөлөрдү кыдырып, чыгармалары жогорку баага татыйт. Эмгектеринин баалуулугу өз убагында эске алынып, 1962-жылы СССРдин Композиторлор союзунун мүчөсү болот.

Народный артист КР, телеведущий, режиссер Эгемберди Бекболиев  - Sputnik Кыргызстан
Төрт кыздан кийинки математик уул. Актёр Эгемберди Бекболиев тууралуу 7 факты
Эл сүйгөн "Аста-секин колукту". Насыр Давлесов кыргыз музыкасынын тарыхында алтын тамгалар менен жазылган көптөгөн чыгармалардын автору. Ал 300дөн ашык ыр, романс жана хорлорду, симфониялык бий жана поэмаларды, опера, спектакль, балет көрсөтүүлөрүн койгон жана дирижерлук кылган. Ошондой эле бир нече мультфилмьдердин жана даректүү тасмалардын музыкаларын жазган. Эмгектеринин арасында "Айнаш", "Саанчы жеңе" жана "Кыргыз жери" ырларынын, дүйнөгө белгилүү "Евгений Онегин", "Аида", "Олжобай менен Кишимжан" операларынын, "Богема", "Спартак", "Ромео жана Жульетта", "Чолпон" балеттеринин өзгөчө орду бар. Давлесовдун эң белгилүү чыгармаларынын бири болгон "Аста-секин, колукту" музыкалык комедиясы 26 жыл бою сахнадан түшкөн эмес. Эскичил жашоону сындап, калкты заманбап көз карашка үндөгөн комедия кыргыз элинин сүйүктүү чыгармасына айланып, азыркыга чейин театр репертуарларында орду бар.

Агартуучулукка аттануусу. Насыр Давлесов шакирт тарбиялаган мугалим катары да белгилүү. Педагог катары ар дайым жаштарды билимин өркүндөтүүгө үндөп, аларга жардамын аябай, колдоп турган. Алгач 1969-жылы Владимир Маяковский атындагы кыз-келиндер педагогикалык институтунун музыка кафедрасынын башчысы болуп иштейт. 1971-жылы азыркы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун ректорлугуна дайындалып, 15 жылдан ашык талыкпай кызмат кылат. Мугалимдик жааттагы жетишкендиктери үчүн 1978-жылы профессор наамы берилет.

Гимндин обонун жазган. Насыр Давлесов дегенде аты унутулбай турган дагы бир нерсе - Кыргыз Республикасынын гимни. Гимндин сөзүн акындар Жалил Садыков менен Шабданбек Кулуев жазса, обону Насыр Давлесов жана Калый Молдобасановго таандык. Композитор гимндин нотасынын түп нускасы көбөйтүлүп китепче катары чыгарылбагандыгынан улам ар жерде ар кандай ырдалып жүргөндүгүнө кейичү. Ошондой эле мамлекеттик символдорду өзгөртүү тууралуу маселелер көтөрүлгөн сайын жүрөгүнө жакын кабыл алчу. "Президент же спикер алмашкан сайын символдор алмашпоосу керек. Жалпы жонунан эгемендик алгандан кийинки мезгилде маданиятка, искусствого мамлекет башындагылар жарытылуу көңүл бурбай койгонунан улам көп адамдардын руханий дүйнөсү бөксөрүп, нысапсыздык, таш боордук, ачуулуулар көбөйдү",- деп айткан жайы бар.

Кыргызский манасчи Шаабай Азизов - Sputnik Кыргызстан
Саякбай киши жибертип чакырта албай койгон. Шаабай Азизов тууралуу 9 факты
Үй-бүлөсү. Насыр Давлесов жубайы Сабира менен жаңы таанышкан кезинде 27 жашта болчу. Москвадан жаңы гана келген кезинде Фрунзе шаарындагы Опера театрынын хоруна тандоо жүрүп калат. Чыгармачыл чөйрөгө аты таанылып калган жигит калыстарга жетекчилик кылат. Ошентип кастинг учурунда 17 жаштагы болочок жубайы менен таанышат. Экөө кыз-жигит катары сүйлөшүп жүрүп, бир жылдан кийин баш кошушат. Үйлөнүү тойдо композитордун күйөө жолдошу айтылуу Калый Молдобасанов болот. Жубайлар 55 жыл бирге түтүн булатып, эки уул, бир кызды тарбиялашкан. Алардын ичинен атасынын жолун кызы Чолпон жолдоду. Бирок оорудан улам 2009-жылы жарык дүйнө менен эрте эле кош айтышкан. Улуу баласы Баатырбек кесиби боюнча экономист. Мурдагы өлкө башчысы Аскар Акаевдин убагында президенттин аппаратында да иштеген. Экинчи уулу Айбек да экономика тармагындагы адис катары бир катар жооптуу кызматтарды аркалаган.

Узакка созулган оору. Насыр Давлесов өмүрүнүн соңку жылдарында инсультка кабылып, кант диабети менен ооруй баштайт. Узак убакыт дарт менен алышып жатып 2011-жылы 12-июнда жарык дүйнө менен кош айтышат. Композитордун кыргыз маданиятынын өнүгүүсүнө кошкон баа жеткис салымы өз убагында бааланып, бир нече абройлуу сыйлыктарга татыган. Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы, "Ардак Белгиси", Эмгек Кызыл Туу, I жана III даражадагы «Манас» ордендери, "Даңк" медалдары алардын бир бөлүгү гана. Ошондой эле Кемин районундагы мектептердин бирине ысымы берилген.

Улуу таланттын сөөгү “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлган.

Жаңылыктар түрмөгү
0