БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Чүй облусуна караштуу Жайыл районундагы Бекитай айылында 11-июнь күнү эки жашар наристе жоголгону тууралуу кабар түшкөн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Баланын ата-энесинин айтуусу боюнча, бөбөк агып жаткан суунун жээгинде ойноп жүргөн.
Издөө иштерине кечки саат жетиге чукул төрт куткаруучу тартылган, тилекке каршы, наристе табыла элек. Учурда издөө иштери уланууда.