Токтогул суу сактагычында суу аз, жарыксыз калабызбы? Энергетиктер эмне дейт

© Фото / Михаил ДудинТоктогульская водохранилища
Токтогульская водохранилища - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкөдө энергетикалык кризис болобу? Суу сактагычтагы абал жана эмне себептен Кыргызстан үчүн ТЭЦ пайдалуураак экенин энергетиктер айтып беришти.

Республикада электр энергиясынын негизги бөлүгүн иштеп чыккан суу сактагычтагы суунун көлөмүнүн аздыгын ЖК депутаты Жыргалбек Турускулов айтып чыккан. Ал өкмөттү бул маселеге терең көңүл бурууга чакырып, электр энергиясын ашкере пайдалануунун кесепети жана өлкөдө суунун тартыштыгынан улам калкты жарык менен камсыз кылууда гана тургай, 2020-жылдан тарта CASA-1000 долбоору боюнча милдеттенмелерди аткарууда да көйгөй жараларын эскерткен.

Депутаттын билдирүүсүнөн көп өтпөй окурман Sputnik редакциясына Токтогул суу сактагычынын сүрөтүн жиберип, суунун мынчалык аздыгын эч качан көрбөгөнүн билдирген. Ал кышында кыргызстандыктар жарыксыз калат го деген кооптонуусун да жашырган эмес. 

© фото очевидца, отправленное по WhatsApp-каналуОкурман Sputnik редакциясына Токтогул суу сактагычынын сүрөтүн жиберди
Токтогул суу сактагычында суу аз, жарыксыз калабызбы? Энергетиктер эмне дейт - Sputnik Кыргызстан
Окурман Sputnik редакциясына Токтогул суу сактагычынын сүрөтүн жиберди

Белгилей кетсек, буга чейин суунун азайышы электр энергиясынын байма-бай өчүрүлүшүн шарттап, импорттон улам электр кубатына болгон баа кескин жогорулап кеткен. Кыргызстан бир нече жыл мурун эле Тажикстан менен Казакстандан миллиондогон киловатт-саат электр энергиясын сатып алууга аргасыз болчу.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Михаил Дудин (@mikedudin)

Sputnik Кыргызстан өлкөнүн эң чоң суу сактагычында суу чындап эле кескин тайыздап-тайыздабаганын, кырдаал энергетикалык коопсуздукка кандай таасир этерин тактап көрдү. Мында редакция өлкөнүн энергетика тармагынын өнүгүү стратегиясын да аныктап алууну максат кылган. Суу сактагычты жөнгө салган "Электр станциялары" ишканасына, андан тышкары, энергетик, ушул эле компаниянын гидротехникалык кызматынын жетекчисинин орун басары Жолдошбек Байызбековго жана "Электр станциялары" ААК директорлор кеңешинин мурдагы төрагасы, "КУЭТ" ААК ("Кыргызстандын улуттук электр тармагы") директорлор кеңешинин эски мүчөсү, профессор, техникалык илимдеринин доктору Карыпбек Алымкуловго бул маселенин тегерегинде суроо салдык.

Өлкөнүн бүтүндөй энергетикалык тармагын тескеген Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинен (ӨЭЖМК) редакциябыздын өтүнүч катын алганын, бул боюнча кеңири жооп даярдалып жатканын кабарлашты. Sputnik Кыргызстандын сайтында ал жакын арада сөзсүз жарыяланат.

Суу чынында эле аз

"Электр станциялары" ишканасынын маалымат катчысы Тагжана Айдаралиева Токтогул суу сактагычында 22-майга карата суунун көлөмү 13 миллиард 575 миллион куб метрди түзгөнүн билдирди. 

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Электр станциялары" ишканасынын маалымат катчысы Тагжана Айдаралиева
Токтогул суу сактагычында суу аз, жарыксыз калабызбы? Энергетиктер эмне дейт - Sputnik Кыргызстан
"Электр станциялары" ишканасынын маалымат катчысы Тагжана Айдаралиева

"Туура бир жыл мурун бул көрсөткүч 15 миллиард 124 миллион куб метр эле, башкача айтканда, 1 миллиард 549 миллион куб метрге көбүрөөк болчу. Токтогул суу сактагычында суунун эң жогорку көлөмү 19,5 миллиард куб метр экенин эске сала кетейин", — деди Айдаралиева.

Эмнеге мындай жагдай жаралды?

"Электр станциялары" ААКтын гидротехникалык кызматынын жетекчисинин орун басары Жолдошбек Байызбековдун маалыматында, Токтогул ГЭСинде суунун чыгымы бир кылка эмес жана керектөөчүлөрдүн талабына жараша болот.

"Суткада электр энергиясын пайдалануу көбөйгөн таңкы жана кечки убак бар. Бирок баары бир абоненттер электрди кечинде — саат 18.00дөн 21.00гө чейин көп коротот. Дал ушул маалда кыргызстандыктардын көпчүлүгү жумуштан кайтат, үйлөрүндө телевизор, электр меш, нан бышыргыч, кир жуугуч машина, үтүк, компьютер өңдүү электр жабдыктары иштей баштайт. Ушул учурда ГЭСте да суунун чыгымы көбөйөт, ошондой эле энерготутумдагы жыштык жана чыңалуу жөнгө салынат. Токтогул ГЭСинде суунун чыгымы бүгүн секундасына 348 куб метр болсо, туура бир жыл мурун чыгым азыраак, секундасына 271 куб метрди түзгөн", — деп түшүндүрдү Байызбеков.

Экс-депутат Жогорку Кенеша Улукбек Кочкоров - Sputnik Кыргызстан
Министр Кочкоров Бишкек менен аймактардагы тарифтердин бирдейлигине нааразы болду
Анын айтымында, Нарын каскадынын ГЭСи таңкы жана кечки "жүктү" көтөрүүгө катышат.

"Мында жөнөкөй схема иштейт. Электрди көп пайдаланууда гидроагрегаттар аркылуу суу көп иштелет, ошондо андан кийинки ГЭСтин чек белгисинин деңгээли бийиктейт. Ал эми керектөө төмөндөгөндө ГЭСтин чек белгисинин деңгээли түшөт. Кыргызстанда калк жайкысын суткасына 20-25 млн кВт/ч электр энергиясын, ал эми кышкысын андан үч эсе көп (70 млн кВт/ч) сарптайт. Ошондуктан суу сактагычты толтуруу маалы май айынан сентябрга чейинки сугат учуруна туш келет. Ушул айларда суунун агымы бир канча эсеге жогорулайт", — деди Байызбеков.

Энергетикалык туңгуюк коркунучу барбы?

"Электр станциялары" ишканасынын басма сөз катчысынын маалыматына таянсак, 2019-жылдын 10-апрелиндеги Кыргызгидрометтин соңку божомолуна ылайык, быйылкы сугат убагында Токтогул суу сактагычына суунун агып кириши көп жылдык орточо ченемдин 86 пайызын түзмөкчү.

"Суунун бүгүнкү көлөмүн, синоптиктердин божомолун, күзгү-кышкы маалдын башталышына карата өлкөнүн электр энергиясын болжолдуу ички керектөөнү эске алсак, Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү өз ченеминде — 17,3 миллиард куб метр болору күтүлөт", — деп түшүндүрүштү тийиштүү ишканадагылар.

Суунун пайдалуу көлөмү 14 миллиардды, ал эми суунун "өлүү" көлөмү 5,5 миллиард куб метрди түзөт. Окурман билдирген суунун азыркыдай төмөн көлөмү ал деңгээлден эки жарым эсе жогору, андай болсо, ГЭСтин иштеши эч мүмкүн эмес.

"Электр станциялары" ААК директорлор кеңешинин мурдагы төрагасы, "КУЭТ" ААК ("Кыргызстандын улуттук электр тармагы") директорлор кеңешинин эски мүчөсү, профессор, техникалык илимдеринин доктору Карыпбек Алымкулов суунун тартыш убагынан улам кырдаалды курчутуу орунсуз деп эсептейт.

Электр зымдары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өкмөт: Кыргызстанда электр энергиясы жетпеген айылдар бар
"Бул жагдай республиканын энергетикасына олуттуу коркунуч туудурбайт. Албетте, адистер мындай маалдын таасирин азайтууга тырышууда, бирок колубуздагы мүмкүнчүлүктөр менен ички керектөөнү гана жаппастан, электр энергиясынын өндүрүш өзгөчөлүгүн эске алуу менен экспорттоону да уюштура алабыз. Жылдан-жылга электр энергиясын керектөө жогорулап баратканы чын, мында электр натыйжалуулук технологиясынын жардамы аркылуу керектөөнү азайтуу жаатында аракет көрүү зарыл, маселен, биз билген эле LED — энергияны үнөмдөөчү лампалар, ошондой эле энергетиканы өнүктүрүү багытында да иш алпаруу шарт", — деди Алымкулов.

CASA-1000 долбоору эмне болот?

CASA-1000 долбоору Борбордук жана Түштүк Азияны Кыргызстан, Тажикстан, Афганистан жана Пакистандын аймагы менен өтүүчү электр зымдар аркылуу байланыштырмакчы. Долбоор аталган өлкөлөргө электр энергиясын өндүрүүдөн пайда көрүүгө шарт түзөт. Электр кубатын пайдалануунун жеткен чеги Кыргызстанда кыш мезгилине туура келсе, Пакистан менен Афганистанда тетирисинче, жайкы маалга туш келет.

"Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ААКтын маалымат жетекчиси Элзада Саргашкаева аталган долбоор боюнча электр энергиясын экспорттоо жайкысын гана каралат деди. 

© Фото / Вячеслав Оселедко"Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ААКтын маалымат жетекчиси Элзада Саргашкаева
Токтогул суу сактагычында суу аз, жарыксыз калабызбы? Энергетиктер эмне дейт - Sputnik Кыргызстан
"Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ААКтын маалымат жетекчиси Элзада Саргашкаева

"Май айынан сентябрга дейре Кыргызстанда электр энергиясын пайдалануу азаят, жайында иштелип чыккан электр энергиясы Афганстан менен Пакистанга жөнөтүлөт. Бул долбоор боюнча электрди экспорттоого ийкемдүү ыкма каралганы да өтө маанилүү. Башкача айтканда, CASA-1000 келишиминдеги милдеттенмелерди аткарууда биз өз мүмкүнчүлүктөрүбүзгө жараша бул ишти жөнгө сала алабыз", — деди Саргашкаева.

Алымкуловдун айтымында, CASA-1000 долбоору абалыбызга жараша түзүлгөн, Кыргызстан долбоор алкагында өз милдеттерин толук аткарат.

"Эл аралык милдеттенмелерге кол коюлган, аларды аткарууга тийишпиз. Азыркы энергетикалык тутум менен аларды эч кыйынчылыксыз эле аткарууга болот", — деди профессор.

Кыргызстандын энергетикасынын келечеги кандай?

Кыргызстанда өлкөнүн электр кубаттуулугун жогорулатуу боюнча бир нече ирет аракеттер көрүлгөн. Жогорку Нарын каскадында ГЭС куруу долбоорун жандантуу кадамдары жасалып, ошондой эле Кара-Кече кенинин жанына жылуулук электр станциясын куруу тууралуу сөз болгон. Бирок, тилекке каршы, айтылган бир да долбоор иш жүзүнө аша элек. ЖК депутаты Жыргалбек Турускулов өлкө энергетикалык коопсуздукту камсыздоого эмитен олуттуу чара көрүүгө тийиш деген пикирде. 

© Sputnik / Асель АкматалиеваЖК депутаты Жыргалбек Турускулов
Токтогул суу сактагычында суу аз, жарыксыз калабызбы? Энергетиктер эмне дейт - Sputnik Кыргызстан
ЖК депутаты Жыргалбек Турускулов

"Менимче, ири курулуштарга умтулгандан көрө чакан ГЭСтерди курууга басым жасообуз кажет. 90 чакан ГЭС курууга болот, бул колубуздан келчү, биз так билген иш. Ал станциялар биригип келип, кыйла кубаттуулукту жарата алат. Кыргызстан биринчи кезекте өзүн камсыздап, анан, албетте, экспорттук дараметти жогорулатуу үчүн энергетика тармагына инвестиция тартууга аракет көрүүсү шарт", — деди Турускулов.

Подача электричества в Оше - Sputnik Кыргызстан
Депутат: "Жалал-Абад электр" ишканасында иштегендер 144 миң сом айлык алат экен
Байызбековдун ою боюнча, "Электр станциялары" ААК — кыргыз энергетикасынын өзөгү.

"Компания Кыргызстандын электр да, жылуулук энергиясын дагы негизги өндүрүүчү болуп саналат. Бүгүн биз иштеп жаткан электр станцияларын техникалык жактан жаңылап, гидроэнергетикада жаңы генерациялаган кубаттуулуктарды киргизүүдөбүз. Кыска мөөнөттүү да, ири көлөмдөгү электр энергиясын экспорттоого да дараметибиз жетет. Мунун баарын ишке ашыруу үчүн системалуу иш алпаруу абзел", — деди Байызбеков.

Алымкулов тобокелдиктерди жоюу үчүн, энергетиканын келечеги үчүн дагы кам көрө иштөөбүз керектигин айтат.

"Мында эки ача пикирлер көп. Эң келечектүү, бирок абдан кымбат багыттардын бири — альтернатива катары энергияны кайра жаратуучу технологияларды киргизүү. Электрди көндүм ыкмада иштеп чыгуу үчүн айрымдар чакан ГЭСтерди курууну сунушташат, бирок кемчилиги — алар өндүргөн энергиянын өздүк наркынын кымбаттыгы, андай ГЭСтердин кирешеси аз. Балким, тарифтерди жогорулатууда бул вариант кыйла натыйжалуу болор. Жогорку Нарын каскады сымал ири ГЭСтерди куруу маселесинде да көйгөй жок эмес чыгар, бирок дал ушул өнүгүү жолунун артыкчылыгы арбын. ТЭЦ куруу долбоорлору да бар, бирок аларды көмүр кенине жакын салуу дурус. Анан, албетте, анда эң башкысы заманбап тазалоо тутумун колдонуу зарыл. Бул өздүк наркын электрдин бүгүнкү баасына чейин арзандатууга мүмкүндүк берет. ТЭЦтин азыркы абалын эске алсак, бул кыйла туура жол", — деди эксперт.

Ал өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыздоо боюнча кандай гана демилге болбосун, өтө тыкыр изилденип, натыйжалуулугун да, айлана-чөйрөгө таасирин да сөзсүз эске алуу зарыл экенин белгилейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0