Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

© Sputnik / Дмитрий Паршин / Медиабанкка өтүүЖамгыр. Архив
Жамгыр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 19-май — Sputnik. 20-майда өлкөнүн кээ бир аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу өрөөндөрдө кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Билдирүүгө ылайык, абанын температурасы Чүй облусунда +25…+30, Таласта +23…+28 градус ысык болот.

Ысык-Көлдө күндүн табы +16…+21 градуска көтөрүлсө, Нарында +14…+19 градуска жетет.

Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында абанын температурасы +26…+31 градус ысык болушу күтүлөт.

20-майда Бишкек жана Ош шаарлары боюнча күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Ош калаасында күндүн табы +28…+30 градуска көтөрүлсө, Бишкекте +27…+29 градуска жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0