Бишкекке Белоруссиянын жетекчилеринин бири келди. Бакиев маселеси козголду

© Фото / пресс-служба ЖКЖогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков Бишкекке келген Белоруссиянын Улуттук жыйынынын өкүлдөр палатасынын төрагасы Владимир Андрейченко менен жолугушту
Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков Бишкекке келген Белоруссиянын Улуттук жыйынынын өкүлдөр палатасынын төрагасы Владимир Андрейченко менен жолугушту - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкекте Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Парламенттик ассамблея кеңешинин (ЖККУ ПА) көчмө жыйыны өтөт.

БИШКЕК, 19-май – Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков Бишкекке келген Белоруссиянын Улуттук жыйынынын өкүлдөр палатасынын төрагасы Владимир Андрейченко менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин сайтына жарыяланды.

Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштардын учурдагы абалы талкууга алынып, парламенттер аралык кызматташтыкты арттыруу маселелери көтөрүлдү.

Төрага Жумабеков ЖККУ ПА кеңешинин көчмө жыйынынын алкагында өткөрүлүп жаткан бул жолугушуу мамлекеттер аралык достук мамилелерди жигердүү улантууга өбөлгө болорун белгиледи.

“Биздин алдыбызда эки өлкө ортосунда, андан тышкары КМШ, ЖККУ жана ЕАЭБ алкагында жетишилген эл аралык келишимдерди ишке ашырууну мыйзамдык жактан колдоо тапшырмасы турат”, - деди төрага.

Бүгүн, 19-майда, Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин төрагасы Дастан Жумабеков Россиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин менен жолугушту - Sputnik Кыргызстан
Дастан Жумабеков Россиянын Мамдумасынын төрагасы менен жолукту
Өзгөчө ЕАЭБ алкагындагы кызматташтык маселесине басым жасаган Дастанбек Жумабеков аталган экономикалык биримдик эки өлкөнүн мамилесин дагы кеңейтерине үмүт артарын билдирди. Муну менен катар аймактар аралык байланыштарды да жакшыртуу демилгесин ишке ашыруу зарылчылыгына токтолгон төрага Белоруссиянын Брест жана Гомель облустары менен Кыргызстандын Баткен жана Чүй облустарын кызматташтыкка тартуу маселесин көтөрдү.

Өз кезегинде Владимир Андрейченко жылуу кабыл алгандыгы үчүн төрага Дастан Жумабековго ыраазылык билдирип, Белоруссия Кыргызстан менен болгон кызматташтыкка өзгөчө маани берерин белгиледи.

“Бизди узак жылдарды камтыган тарыхый байланыштар жакындатып турат. Кыйын учурларда да биз бири-бирибизге жөлөк болуп, бирге болгонбуз. Улуу Ата мекендик согуш учурунда кыргызстандык жоокерлердин көрсөткөн эрдиги Беларусь элинин эсинде. Алсак, Советтер Союзунун Баатыры, каарман жоокер Жумаш Асаналиевдин эстелиги Минскиге тургузулуп, анын аты көчөгө ыйгарылган”, – деди ал.

Мындан сырткары, жолугушууда Дастан Жумабеков мурдагы өлкө башчысы Курманбек Бакиевдин Белоруссияда кармалып турушу жана анын коомдук иштерге тартылуусу Кыргызстан тарапты тынчсыздандырарын белгиледи.

Ал эми Владимир Андрейченко бул маселе эки тараптын калыптанган байланышына кедергисин тийгизбейт деген үмүттө экенин айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0