БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Индонезиянын Саламаттык сактоо министрлиги шайлоо комиссиясынын кызматкерлеринин көбү добуштарды саноо учурунда инсульт жана инфаркттан каза тапкандыгын айтты. Бул туурасында Strait Times басылмасы жазды.
Буга чейин Индонезиянын шайлоо комиссиясынын жүздөгөн кызматкерлери добуштарды санаган сааттарда көз жуумп, 2,5 миңден ашууну чарчагандан ооруканага түшкөндүгү айтылган.
Министрлик акыркы маалыматтар боюнча шайлоонун жыйынтыгын санап жатканда 496 кызматкер каза тапкандыгын, алардын көбү Батыш Жава провинциясындагы шайлоо комиссиянын мүчөлөрү экендигин билдирди. Маркумдардын жаш курагы 50-70тин ортосунда экендигин айтышты.
"Биз кишилер каза табат деп ойлогон эмеспиз. Алардын кызматын аткаруу үчүн бекем ден соолук керек. Иштегендердин көбү бир катар оорулардан жапа чеккен. Бир топ убакытка созулган иштен кийин оору баш көтөрө баштаган", — деп айткан министрликтин башкы катчысы Оскар Примади.
Индонезияда 17-апрелде жалпы шайлоо өткөн. Анда президент менен вице-президент, улуттук парламенттин депутаттары, аймактык парламент, шаардык, райондук деңгээлдеги кеңештер шайланган.
Ар бир шайлоочу беш шайлоо бюллетенин толтуруп, аларды ар түрдүү беш урнага салган. Алдын ала берилген маалыматтарга караганда, Индонезиядагы шайлоого келгендердин көрсөткүчү 80 пайыздан ашык болгон. Добуш берүүнүн расмий жыйынтыгы 22-майда белгилүү болору айтылды.