БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Балыкчы шаарынын мэрлигине эки адамдын талапкерлиги коюлду. Экөө тең документтерин шайлоо комиссиясына өткөрүп берди. Бул тууралуу Боршайкомдон билдиришти.
Шайлоо 14-майга белгиленген. Калаа башчылыгына Балыкчы шаардык кеңештин "Замандаш" фракциясынан Марат Кудайбергенов менен "Кыргызстан" фракциясынан Мирбек Шакиров талапкерлигин койду.
Кудайбергенов Марат Сагыновичтин резюмеси
1993-жылы Балыкчыда төрөлгөн. Кыргыз улуттук университетинде "финансы жана кредит" адистиги боюнча билим алган. Үй-бүлөлүү.
Эмгек жолу:
- 2011-2017 — "Алыш Сервис" ЖЧКсынын башкы директору;
- 2017-2019 — Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жардамчысы;
- 2019-жылдан тарта Президенттин №2 мамлекеттик резиденциясынын маркетинг жана эс алууну уюштуруу кызматынын жетекчиси болуп эмгектенип келет.
Шакиров Мирбек Кадырбековичтин резюмеси
- 1979-жылы Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районундагы Бөкөнбаев айылында төрөлгөн. К.И. Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетин "экономика жана агрардык өндүрүштү башкаруу" адистиги боюнча аяктаган. Үй-бүлөлүү, алты баланын атасы.
- Эмгек жолу:
- 2003-2005 — Ысык-Көл облустук мамлекеттик администрациясынын өндүрүш секторунун ага адиси;
- 2005-2008 — "Шумкар ЫККФ" ААКсында бухгалтер;
- 2009 — аталган компаниянын коммерциялык директору;
- 2011-2017 — ушул эле компаниянын башкы директору.
Шаардын мурдагы мэри Алмаз Мамбетов Мамлекеттик каттоо кызматына жетекчи болуп дайындалган.