Шейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Дмитрий Паршин / Медиабанкка өтүүЖамгыр. Архив
Жамгыр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын аймагында 30-апрелде жана 2-3-май күндөрү туруксуз аба ырайы күтүлөт, мезгил-мезгили менен жаан жаап, бийик тоолуу райондорго кар түшүшү, тоо этектеринде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.

БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. 30-апрелде көпчүлүк аймактарда жаан жаайт. Ал эми бийик тоолуу райондорго кар, Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарынын тоо этектеринде катуу жаан жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетиши күтүлөт.

Маалыматка ылайык, абанын температурасы Ош, Баткен, Жалал-Абад, Чүй, Талас облустарында +13…+18 градуска жетет.

Ысык-Көл жана Нарын аймагында +11…+16 градус жылуу болот.

Ал эми Ош жана Бишкек шаарларында мезгил-мезгили менен жаан жаап, абанын температурасы +16…+18 градуска көтөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0