БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Кытайдан алынып келген жаңы автобустардын бири кырсыкка кабылды.
Өтө чоң эмес жол кырсыгы Чүй проспектиси менен Эркиндик көчөсүнүн кесилишинде болду. Автобус Чүй проспектиси менен батышты көздөй кетип баратып, Эркиндиктен солго бурулуп жатканда Toyota Wish автоунаасы менен жөөлөшүп кеткен.
Бишкек шаарынын күнүнө карата Чүй проспектисинин Эркиндик проспектисинен Панфиловго чейинки бөлүгү убактылуу жабылган.
Кытайдын Yutong компаниясынын автобустары 24-апрелде Бишкекке алынып келип, ага мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков дагы катышкан.
Жаңы автобустар № 36, 48, 7, 38 жана 42 каттамы боюнча 29-апрелден тарта ишке чыккан болчу.