Жээнбеков паспорт чыры боюнча кармалган Мамкаттоонун өкүлдөрү боюнча пикирин айтты

© Sputnik / Табылды КадырбековПервая пресс-конференция президента Сооронбая Жээнбекова по итогам 2018 года
Первая пресс-конференция президента Сооронбая Жээнбекова по итогам 2018 года - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик каттоо кызматында жетекчилик кызматта иштеген үч аткаминер коррупцияга айыпталып өткөн жумада кармалган болчу.

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков жаңы муундагы паспортторго бланка алуудагы тендер чыры жана Мамлекеттик каттоо кызматында жетекчи орундарда иштегендердин камалышы боюнча пикирин Ошто өтүп жаткан санариптештирүүгө арналган форумда айтты.

Мамлекет башчы коомдун пикирин сыйлай турганын жана алдын ала кандайдыр бир жыйынтык чыгарууга шашылбай турууга чакырды.

"Жакында эле Мамлекеттик каттоо тармагындагы тендерге байланыштуу жооптуу кызматкерлер кармалды. Бул коомдо резонанс жаратты. Мен коомчулуктун ой-пикирине чоң сый-урмат менен мамиле кылам. Биздин жарандык коом абдан күчтүү, жарандарыбыз мамлекеттик маселелерге кайдыгер мамиле кылбагандыгы жакшы көрүнүш. Бирок тендердин айланасында көп талаш-тартыштар жүрүп жатат. Ошондуктан шашылыш жыйынтык чыгарбоого чакырам. Бардыгы мыйзамдын алкагында болушу керек. Мыйзамдуулук баарына бирдей. Эгерде мыйзам бузулса, анда ким болсо да жоопкерчилик тартышсын", — деди ал.

Жээнбеков укук коргоо органдарынын да мыйзамды бекем сакташын белгилеп, премьер-министр болуп турганда Кара-Балта жолун куруу боюнча тендердин тегерегинде чоң ызы-чуу чыкканын эске салды.

Глава ГРС Алина Шаикова - Sputnik Кыргызстан
Мамкаттоонун башчысы Шаикова иштен алынды
"Эми азыр паспорт тендери да ызы-чуу жаратты, эл аралык коомчулуктун көнүлүн бурду. Ошондуктан мыйзам базасын жакшыртып, коррупциялык элементтер болсо, алып салуу керек. Азыр парламент сатып алуулар тууралуу мыйзам долбоорун карап жатат. Тендер процедураларынын ачыктыгын жана аларга карата ишенимди жогорулатуу зарыл", — деди ал.

Эске салсак, УКМК соттун чечими менен Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Руслан Сарыбаевди, статс-катчы Данияр Бакчиевди жана "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын директору Талант Абдулдаевди коррупция иштерине шектүү деп кармаган болчу. Аталган кызматкерлер литвалык "Гарсу пасаулис" компаниясынын кызыкчылыгын таңуулаган деп айыпталууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0