Төрөт учурунда башы жабыркаган ымыркай боюнча комиссия жыйынтык чыгарды

© Sputnik / Алексей Сухоруков / Медиабанкка өтүүПеринатальный центр в Тамбове
Перинатальный центр в Тамбове - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бала кийин Бишкек шаарына алып келинип, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда дарыланган.

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Токтогул шаарынын төрөтканасында ымыркайдын башынын оюлуп калышы боюнча Саламаттык сактоо министрлигинин атайын комиссиясы жыйынтык чыгарды.

Неонатологическое отделение клиники Бюргергоспиталь - Sputnik Кыргызстан
Японияда 258 грамм болуп төрөлгөн ымыркай үйүнө чыгарылды
Министрликтин башкы гинекологу Раиса Асылбашеванын айтымында, гинеколог төрөттү ылдамдатыш үчүн вакуум аппаратын (аялдын аракети жыйынтык бербеген учурда баланы жатындан тартып алчу каражат) колдонууга аргасыз болгон. Болгону аракет ийгиликсиз болуп калган.

Эске салсак, Акылай Мырзабекова аттуу келин 18-март күнү Токтогул шаарындагы төрөт үйүндө өз алдынча төрөй албай, акыры бала операция жолу менен жарык дүйнөгө келген. Мырзабекованын айтымында, дарыгерлер алгач ымыркайды "курсакта өлүп калган" деп, операциядан кийин медайымдар аны өлүк катары жууп жаткан мезгилде бала дем алып кеткен. Ошол эле учурда төрөт маалында бала башынан жаракат алганы белгилүү болгон.

"Баланын башы жергиликтүү ЖМКларга жазылып кеткендей, эч нерсе менен чукулган эмес. Болгону вакуум аппараты иштеп жатканда кичине жаракат алып калган. Негизи документтерин текшерсек, алгач келинге Бишкек шаарына барып төрөө сунушталыптыр. Бирок ал өзүн жакшы сезгендиктен, ошол жактан эле көз жарган. Дарыгерлер колунан келген аракетин кылды, болгону операция жолу менен төрөтүү чечими кечирээк кабыл алынган", — деди Асылбашева.

Дарыгер баланы медиктер мындан ары дагы көзөмөлдөп турарын, кийинки текшерүүлөр бир айдан кийин болорун кошумчалады.

Үч эм күтүп, бирок экини төрөгөн эне: акушер толгоомду токтотуп койгон. Видеобаян - Sputnik Кыргызстан
Үч эм күтүп, бирок экини төрөгөн эне: акушер толгоомду токтотуп койгон. Видеобаян
Ал эми жабыркаган бөбөктүн ата-энеси мындай жыйынтык менен макул эместигин айтат.

"Баланын башы вакуумдан жабыркады деп айтып жатышат. Бирок мен бул нерсеге макул эмесмин. Учтуу бир нерсе менен кесилген сыяктуу эле тырыктары бар. Экинчиден, гинеколог ымыркай чарчады деп айткан. Министрликтен болсо "дарыгерлер баланы өлдү" деп ойлогон деп бир ооз айтышкан жок. Айтор, суроолор көп", — деди Мырзабекова.

Ал эми үй-бүлө арыз менен кайрылган Жалал-Абад облустук милициясынан төргөө амалдары жүрүп жатканын, эми адистер бөбөктүн дарыланып бүткөндөн кийинки абалына карап жыйынтык чыгарарын билдиришти.

Жаңылыктар түрмөгү
0