Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жумабаев: Китеп күнүнө карата жарманке 30-апрелде өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековМамлекеттик патенттик-техникалык китепкананын директорунун орун басары Жоодар Жумабаев
Мамлекеттик патенттик-техникалык китепкананын директорунун орун басары Жоодар Жумабаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик патенттик-техникалык китепкананын директорунун орун басары Жоодар Жумабаев 23-апрель - Дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүнө карата "Ала-Тоо" аянтында китеп жарманкесин өткөрүү пландалганын айтты.
Жумабаев: Китеп күнүнө карата 30-апрелде китеп жарманкеси өтөт

23-апрелге пландалган китеп жарманкеси "Ала-Тоо" аянтында өтө турчу митингге байланыштуу, коопсуздук маселесинен улам 30-апрелге жылдырылды. Бул тууралуу Жоодар Жумабаев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, жарманкеге бардык каалоочулар катыша алат, иш-чарада балдар адабияты тууралуу ата-энелерге пайдалуу кеп-кеңештер берилет.

"Жыл сайын 23-апрель - Дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүнө карата ар кандай иш-чараларды уюштуруп келебиз. Бул жылы "Ала-Тоо" аянтында китеп жарманкесин өткөрүүнү туура көрдүк. Бирок ал күнү борбордук аянтта митинг болору белгилүү болуп, 30-апрелге жылдырдык. Китеп жарманкесине Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, Билим берүү жана илим министрлигинен, ЮСАИД, Америка элчилигинен өкүлдөр катышат. Жарманке концерттик программа менен коштолот", — деди Жумабаев.

Ошондой эле ал жаратмандар, ойлоп табуучулар өз чыгармасына укуктук ээлик кылам десе сөзсүз түрдө патент алуусу зарылдыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0