БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Кыргызстандын айрым аймактарында сел жүрүшү мүмкүн экенин ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, 20-22-апрель күндөрү күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаанга байланыштуу Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.
Ал эми тоо этектериндеги аймактарда сел жүрүшү ыктымал.