00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:06
44 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
3 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
4 мин
Личный интерес
Цифровизация в каждом предмете или как в АГУПКР готовят современных управленцев
16:05
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Жогорку окуу жайлар эми илимди өндүрүшкө чыгара алабы? Жарлыктын келечеги
17:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Как изменилась роль местных властей за 35 лет независимости Кыргызстана
18:07
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Вермахтын аскерлери “II фронт деп корккон партизандар”: Дүйнөлүк II согуштагы каршылык көрсөтүү кыймылдары
19:06
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Личный интерес
«КАСКО Эконом»: сколько стоит защитить машину от ДТП в 2026 году
20:06
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
6 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда аялдардын репродуктивдик ден соолугунун абалы кандай?
21:08
44 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Маалымат борбор

SputnikPro: Максутова: окурманга такталбаган маалыматты бербеш керек

© Sputnik / Табылды КадырбековМастер-класс журналиста ИА Sputnik Кыргызстан Нургуль Максутовой для студентов
Мастер-класс журналиста ИА Sputnik Кыргызстан Нургуль Максутовой для студентов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан агенттигинин ага журналисти жаңылык жазууда көп кетирилген каталар тууралуу айтып берди.

БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Sputnik Кыргызстан агенттигинин ага журналисти Нургүл Максутова студенттер үчүн "Жаңылык менен жаңылуунун ортосу бир кадам. Маалымат кантип жазылат" деп аталган мастер-класс өткөрдү.

Иш-чарага Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин, Бишкек гуманитардык университетинин, Ош мамлекеттик университетинин жана Кувейт эл аралык университетинин журналистика факультетинде окуп жаткан студенттер катышты.

Андан сырткары, Ош калаасынан Ош мамлекеттик университетинин журналистика факультетинин студенттери Бишкекке телекөпүрө аркылуу кошулду. 

© Sputnik / Табылды Кадырбеков Sputnik Кыргызстан агенттигинин ага журналисти Нургүл Максутова студенттер үчүн "Жаңылык менен жаңылуунун ортосу бир кадам. Маалымат кантип жазылат" деп аталган мастер-класс өткөрдү.
 Sputnik Кыргызстан агенттигинин ага журналисти Нургүл Максутова студенттер үчүн Жаңылык менен жаңылуунун ортосу бир кадам. Маалымат кантип жазылат деп аталган мастер-класс өткөрдү. - Sputnik Кыргызстан
1/2
Sputnik Кыргызстан агенттигинин ага журналисти Нургүл Максутова студенттер үчүн "Жаңылык менен жаңылуунун ортосу бир кадам. Маалымат кантип жазылат" деп аталган мастер-класс өткөрдү.
© Sputnik / Табылды КадырбековИш-чарага Жусуп Баласагын атындагы кыргыз улуттук университетинин, Бишкек гуманитардык университетинин, Ош мамлекеттик университетинин жана Кувейт эл аралык университетинин журналистика факультетинде окуп жаткан студенттер катышты.
Иш-чарага Жусуп Баласагын атындагы кыргыз улуттук университетинин, Бишкек гуманитардык университетинин, Ош мамлекеттик университетинин жана Кувейт эл аралык университетинин журналистика факультетинде окуп жаткан студенттер катышты. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Иш-чарага Жусуп Баласагын атындагы кыргыз улуттук университетинин, Бишкек гуманитардык университетинин, Ош мамлекеттик университетинин жана Кувейт эл аралык университетинин журналистика факультетинде окуп жаткан студенттер катышты.
1/2
Sputnik Кыргызстан агенттигинин ага журналисти Нургүл Максутова студенттер үчүн "Жаңылык менен жаңылуунун ортосу бир кадам. Маалымат кантип жазылат" деп аталган мастер-класс өткөрдү.
2/2
Иш-чарага Жусуп Баласагын атындагы кыргыз улуттук университетинин, Бишкек гуманитардык университетинин, Ош мамлекеттик университетинин жана Кувейт эл аралык университетинин журналистика факультетинде окуп жаткан студенттер катышты.

Максутова жаңылык жазуудагы стандарттар, маалыматты текшерүү жана мамлекеттик орган берген маалыматтарды кантип жаңылык катары жазуунун жолдорун айтып берди.

"Маалыматтардын жалганы (фейк) менен чындыгын айырмалоо татаал болуп бараткан азыркы мезгилде коомчулук объективдүү, бейтарап кабарларга суусап турган учуру. Коом мындай көрүнүштөн тажап калды. Жаңылык жазууда ыкчамдык, албетте, керек, бирок окурмандарга такталган маалыматты жеткирүү кээде кыйынчылыктарды жаратканы менен бул эрежени карманышыбыз керек", — деди Максутова.

Ал ошондой эле болочок журналисттерге пресс-релиздер менен иштөө ыкмаларын айтып берди. 

© Sputnik / Табылды КадырбековМаксутова жаңылык жазуудагы стандарттар, маалыматты текшерүү жана мамлекеттик орган берген маалыматтарды кантип жаңылык катары жазуунун жолдорун айтып берди
SputnikPro: Максутова: окурманга такталбаган маалыматты бербеш керек - Sputnik Кыргызстан
Максутова жаңылык жазуудагы стандарттар, маалыматты текшерүү жана мамлекеттик орган берген маалыматтарды кантип жаңылык катары жазуунун жолдорун айтып берди

Студенттер өздөрүн кызыктырган, түйшөлткөн суроолорду узатты. Аларды өзгөчө ЖМКлар арасындагы биринин маалыматын бири көчүрүп алуу, автордук укуктардын бузулушу жана журналисттердин жалган кабар бергенден кийин аны төгүндөө маселелери кызыктырды.

SputnikPro — бул Россиянын мыкты медиа-менеджерлеринин жана алдыңкы адистеринин презентация жана мастер-класстары. Алар өз тажрыйбаларын журналисттер, маалымат катчылар, жогорку курстун студенттери менен бөлүшөт.

Белгилей кетсек, SputnikPro долбоору 2018-жылы жазында башталып, Белоруссиянын, Грузия, Азербайжан, Армения жана Кыргызстандын медиа коомчулугунун жогорку баасын алган.

Экстремалдык геосаясий журналистика жаатында Юлиан Семенов атындагы сыйлыктын ээси, репортер, фотограф жана РИА Новости агенттигинин баяндамачысы Вера Костамо - Sputnik Кыргызстан
SputnikPro: канткенде универсал журналист болом? Адистен 6 кеңеш
Sputnik эл аралык маалымат агенттиги — дүйнөдөгү ири ЖМКлардын бири. Агенттик 30дан ашык тилде маалымат таратат. Токиодон Монтевидеого чейинки аймактагы ал редакциялар жана маалымат борборлору жаңылыктарды күнү-түнү жазып турат.

Үч жыл ичинде Sputnik сайты постсоветтик мамлекеттердеги ЖМКлар арасында жаңыча ыкма менен иштеп алдыңкы орундарга чыкты.

Жакынкы чет мамлекеттердеги Sputnik порталы улуттук жана орус тилинде чыгып, окурмандарга түрдүү мультимедиалык маалыматтарды сунуштайт.

Инфографика, видео, сүрөт түрмөгү, онлайн-эфирлер, сурамжылоо жана подкасттарды таап окусаңыздар болот. Күнүмдүк жаңылыктардан тышкары, Sputnik агенттиги аналитикалык материалдарды жана эксклюзивдүү маектерди да окурмандарга сунуштайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0