БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков дене тарбия, спорт кызматкерлеринин күнү менен куттуктап, 2020-жылы өтө турган Олимпиада оюндарына катышуу үчүн лицензия жеңип алуу кыргыз спортчуларынын маанилүү милдети экенин айтты. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Ал дене тарбия жана спорт кызматкерлерине, спортчуларга, машыктыруучуларга, ардагерлерге кайрылып, Кыргызстанда спорт ышкыбоздорунун саны улам көбөйүп баратканына кубана турганын билдирген.
"2020-жылы өтө турган Олимпиада оюндарына татыктуу даярданып, ага катышуу үчүн лицензияларды жеңип алуу — кыргыз спортчуларынын маанилүү милдети. Биз сиздерге ишенебиз, жаңы жеңиштерди күтөбүз. Сиздердин жеңиш — Кыргызстандын аброю жана элибиздин сыймыгы", — деди Жээнбеков.
Азия чемпионатында Кыргызстан грек-рим күрөшү боюнча жалпы командалык эсепте биринчи орунду ээлеген.
"Жакынкы жылдары өлкөбүздүн аймактарында жаңы спорттук объектилерди, Бишкек шаарында көп функционалдуу футбол стадионун куруу, ат майданын оңдоо боюнча чоң долбоорлор ишке ашырыла баштайт", — деди мамлекет башчы.
Кайрылуунун аягында президент спорт жаатындагыларга бекем ден соолук, бакубатчылык жана албан ийгиликтерди каалаган.