БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Дүйнөнүн эң бай адамы Жефф Безос аялы Маккензи Безос менен ажырашкандан кийин мал-мүлктү кантип бөлүштүрүү тууралуу бир пикирге келишти. Бул тууралуу Forbes журналы жазды.
Учурда дүйнөдөгү эң бай аялдардын башында L'Oreal косметикалык империясынын мураскери Француаза Беттанкур-Майер (анын байлыгы –49,3 млрд. доллар), андан кийинки орунда Wal-Mart бизнесинин мураскерлеринин бири Элис Уолтон (44,4 млрд. доллар) турат.
"Жефф менен ажырашып тынганыбызга кубанычтамын. Эми ата-эне жана дос болуп калабыз", — деген пикирин ал Twitter баракчасына жазды.
— MacKenzie Bezos (@mackenziebezos) 4 апреля 2019 г.
Жефф менен Маккензи Безос 25 жыл чогуу жашашкан. Алар 1990-жылдардын башында таанышып, 1993-жылы баш кошкон. Экөөнүн үч эркек баласы жана Кытайдан асырап алган кызы бар. Жубайлардын ажырашып жатканы боюнча маалыматтар быйыл январь айында пайда болгон.