Иш-чараны уюштурууга эмне себеп болду, максаты кандай деген сыяктуу суроолор менен облустук милициянын маалымат катчысы Жеңиш Аширбаевге кайрылдык.
— Демилгени ким көтөрүп чыкты?
Аталган жети райондо жалпы 400дөй айыл болсо, учурда анын 150гө жакынын кыдырып чыктык. Иш-чара улантылат. Рейдге милиция кызматы менен кошо фискалдык органдардын, билим берүү, саламаттык сактоо, социалдык коргоо жана калкты иш менен камсыз кылуу тармактарынын, ӨКМдин, Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлдөрү, айыл аймактарынын башчылары, суу чарба, электр тармактары ишканаларынын кызматкерлери катышууда. Алар топ-топко бөлүнүп эл аралап, ар бир үйгө кирип, тургундардын көйгөйүн угуп, мыйзам бузулган учурларды жеринен аныктап жатышат. Бул ар айдын акыркы жумасында жүрүүдө. Ошол эле күнү жалпы жыйын өтүп, кайсы көйгөйдү кайсы кызмат чечери талкууланып, тиешелүү адистерге тапшырмалар берилет. Беш ай ичинде катталган 2 миңден ашуун көйгөйдүн ичинен 300дөйү милицияга тиешелүү болуп чыкты. Ал эми калгандары башка кызматтарга жолдонду. Жалпылап айтканда, социалдык көйгөйлөр убагында чечилбей, анын кесепетинен жарандардын кылмышка себеп болуп жатканы белгилүү болду.
— Кылмыштуулуктун алдын алууга болору далилдендиби?
— Албетте. Милиция кызматкерлери бир катар кылмыштуулуктун алдын алууга жетишти. Сөзүм куру болбосун үчүн алардын арасынан бир факты келтирип, далилдей кетейин. 2018-жылдын декабрында Ноокат районундагы Төөлөс айыл өкмөтүн кыдырып чыктык. Жергиликтүү тургундар бейтааныш жигиттердин тобу пайда болгондугун, алар колунда бар жарандардын үйлөрүн акмалап, маалымат чогултуп жүргөндүгүн айтышты. Криминалдык милиция кызматынын өкүлдөрү бул маалымат боюнча иштеп, Чоң Алай районунун мурда соттолгон 25 жаштагы тургунун колго түшүрүштү. Ал өз көрсөтмөсүндө жаңы жыл алдында аталган аймактагы хан сарайларды тоноону пландаштырганын айтып берген. Жашаган жерин тинтүүгө алган учурда беткап, тоноо үчүн атайын даярдалган куралдар жана башка буюмдар табылды. Бул шектүү менен кошо дагы эки жигит колго түшүрүлүп, башка кылмыш иштерине тиешесинин бар-жогу териштирилип жатат. Учурда алар шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайында. Тергөө аяктап иш сотко өттү.
— Жасалма акча менен соода кылган жигиттердин тобу да аталган иш-чаранын жүрүшүндө колго түшүрүлгөнү кабарланган эле...
Ошол мезгилде «Бирдиктүү алдын алуу күнү» өтүп жаткан. Жанагы шексинген аял окуя тууралуу айтып берет. 2 миң сомдук менен соода кылган жигиттер тууралуу коңшу төрт дүкөндүн сатуучулары да айтышкан. Бирок купюрага маани беришкен эмес. Сатуучулардын бирин Ош шаарында окуган баласынын окуу акысын төгүүгө жөнөп жаткан жеринен токтотуп, акчасынын арасынан жасалма купюраны таап чыгып, милиционерлер балдардын изине түшөт. Акыры ал жигиттер кармалды. Көрсө, аларды баштап-көздөгөн 22 жаштагы жигит ксерокөчүрмөдө иштеп келген экен. Арзыбаган кирешеси эч нерсеге жетпей, акчаны түстүү принтерден чыгарып көрүүнү чечип, ушул кылмышка барганы аныкталды. Экспертиза акчалардын жасалма экендигин далилдеген соң үч жигит күнөөсүн мойнуна алган. Алар учурда Алайдагы убактылуу кармоочу жайда. Жигиттердин иши Кылмыш жаза кодексинин 225-беренесинин («Акчаны же баалуу кагазды жасалма жасоо») негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Бешинчи дүкөндөгү сатуучу аялдын кыраакылыгы, жасалма акчаны байкап калгандыгы кылмышкерлерди көп узабай колго түшүрүүгө чоң жардам берди.
— Оор кылмыштардын бетин ачууга бул иш-чаранын пайдасы бар бекен?
— Аймактык тескөөчүлөрдүн тургундар менен барып таанышуусу кылмыштардын бетин өз убагында ачып, алдын алууга шарт түзүп берүүдө. Мисалы, Ноокат районунун Каранай айылында 35 жаштагы киши ичкиликтин айынан чыр чыгарып, жакындарына тынчтык бербей келген экен. 2019-жылдын 13-февралында адаттагыдай эле чоң чыр чыгат. «Үйдү өрттөйм» деп карындашы менен апасын коркутат. Окуя тууралуу уккан чырлуу кишинин Кызыл-Кыя шаарында жашаган 46 жаштагы агасы үйүнө келет. Инисин тынчтандыруу үчүн уруп, бирок кокусунан өлтүрүп алат. Үйдө киши жоктугунан пайдаланып, инисинин сөөгүн жер төлөгө катып, эч кимге айтпай өз үйүнө кетип калган. Маркумдун карындашы үйүнө келгенде сөөктү көрүп, бирок агасын өзүнүн эле бир тууганы өлтүргөнүн билбей, аймактык тескөөчүнү чакырат. Аймактык тескөөчү тез арада чара көрүп, бир тууганын өлтүрүп алган кишини Россияга кетүүгө камданып жаткан жеринен колго түшүргөн. Көрсө, шектүү инисин «дайынсыз жоголду» деп милицияга арыз жазып, анан өзү өлкөдөн чыгып кетүүнү пландаштырган экен.
— Милиция кызматкерлери менен кошо аталган иш-чара учурунда Кара-Суу районундагы айылдардын биринде 2010-жылы каза болгон кишинин эч ким жашабаган үйүнүн электр энергиясына болгон карызы 30 миң сомго жеткендигин угуп, аябай таң калдым. Кандайча? Көзү өтүп кеткен кишинин үйүндө электр энергиясы кантип колдонулсун деп чочулагандар да болду. Бул иш териштирилип аягына чыктыбы?
— Ооба. Зарбалик айылынын жашоочусу Ташболот Абдрасулов 2010-жылы каза болот. Анын көзү өткөнгө чейин электр энергиясына 1000 сомдой карызы болгон. Маркум каза болгондон кийин анын үйү ээн калган. Эч ким жашаган эмес. Аталган суммадагы карыз жакындары тарабынан да төлөнгөн эмес. Ал карызга болгон туум өсүп олтуруп, 9 жыл ичинде 30 миң сомго жеткен. Башкача айтканда, тиешелүү кызматкерлер ай сайын карыз тууралуу маалымдаманы аталган үйгө алып келип турушкан. Аягында маалымдаманын келүүсүнөн чарчаган апасы тиешелүү кызматтарга кайрылып, уулунун каза болгондугун, ал карызды пенсиясы менен төлөй албай тургандыгын айтып, арыз жазган. Тиешелүү кызматтар бул карыз төлөнбөй турган жагдайда маселени маркумдун апасынын пайдасына чечип беришкен.
— Айыл аралаганда миграция маселеси жана ага байланышкан орчундуу көйгөйлөр оркоюп эле көрүнүп турду... Элди кылмышка түрткөн миграциянын кесепетин же ага себеп болуп жаткан фактылар тууралуу айта кетсеңиз.
— Ош облусунун аймагынан башка өлкөгө иштөө үчүн кеткен ата-энелердин саны учурда 12 миңден ашуун болсо, ал эми алардын балдарынын саны 23 миңге жакын. Башкача айтканда, 23 миң бала учурда ата-энесинин көзөмөлүндө эмес, жакындарынын кароосунда чоңоюп жатат. Бул өтө орчундуу маселе. Облус боюнча ата-энеси миграцияда жүргөн балдардын баары тең социалдык кызматкерлер жана аймактык тескөөчүлөр тарабынан каттоого алынып, көзөмөлдөнүп турат. Себеби кароосуз балдар көп учурда ата-энесин сагынып, кусалыктан же жетишпеген турмуштун айынан өз жанын кыюуга да барып жатышат.
— Кара-Суунун Маданият айылындагы бир үй-бүлөдө 15 жаштагы окуучу кыз менен 12 жаштагы иниси экөө жалгыз жашап жаткандыгы тууралуу жалпы жыйында сөз болду...
— Ата-энеси миграцияда жүргөн өспүрүм кыздар көпчүлүк учурда зордуктоого дуушар болгон фактылар да кездешүүдө. Жакында эле Өзгөндө өз атасы тарабынан зордукталып, боюна бүтүп калган окуучу кыздын энеси узак убакыттан бери чет жакта экени айтылды.
— Ооба, турмуш-тиричиликтин айынан акча табам деп энелери миграцияда жүргөн кезде кыздарын зордуктаган эки атанын кылмышынын бети ачылды.
Алардын бири дал ушул “Бирдиктүү алдын алуу күнү” белгилүү болду. Орто мектептердин биринде 7-класста окуган кызды атасы бир нече ирет зордуктаган. Бирок кыз атасынан коркуп окуя тууралуу эч кимге айткан эмес. Жыныстык органы ооруп жаткандыгы тууралуу таенесине айтат. Ал небересин айылдагы ФАПта иштеген акушер аялга алып барып текшерткенден кийин кыздын алты айлык боюнда бар экени билинет. Бирок таенеси акушер аялдан окуя тууралуу эч кимге айтпоосун өтүнөт. Аталган иш-чара учурунда аймактык тескөөчү окуучу кыздын курсагын байкап калган кезде гана акушер аял окуя тууралуу айтып берген. Мына ушундай жол аркылуу кыздын зордукталгандыгы белгилүү болуп, шектүү катары атасы кармалды. Ал психикалык жактан жабыркап келгендиги айтылган. Тиешелүү экспертиза анын буга чейин жол кырсыгына кабылып, башы ооруп келгендигин, бирок психикалык жактан соо экенин далилдеди. Эркек кылмышын мойнуна алган. Иш козголуп, учурда сотко өттү.
Дал ушундай эле окуя Өзгөн районунун башка айылында да катталды. Ал эми айылдашы тарабынан зордукталган дагы бир окуучу кыздын окуясы качан гана ал көз жарганда белгилүү болду.
— Жакында эле төбө чачты тик тургузган окуя катталды. Өз агасын балталап өлтүрүүгө шектүү киши кармалды. Анын психикалык жактан оорулуу экендигин тиешелүү кызматтарга билдирип, көзөмөлгө алууну эскерттиңиздер беле?
— Көйгөй тууралуу угуп, бирок алдын алууга жетишпей калган эки факты катталды. Анын бири жогоруда сиз айтып өткөн окуя. Тактап айтканда, 27-март күнү Кара-Суу районундагы Жоош айыл өкмөтүнө караштуу төрт айылда кезектеги «Бирдиктүү алдын алуу күнү» өттү. Көйгөйлөрдү аныктаган соң бардык кызматтардын өкүлдөрү жалпы жыйынга чогулушту. Аймактык тескөөчү Маданият айылынын 47 жаштагы тургуну жакында Россиядан психикалык жактан ооруп келгендигин, учурда ичкиликке берилип, каттоого да турбай, дарыланбай да жүргөндүгүн билдирди. Жыйынды алып барган райондук администрациянын башчысынын орун басары Мехриниса Жороева медицина кызматкерлерине бул жаранды көзөмөлгө алуу тапшырмасын берген. Арадан эки күн өткөн соң, 1-апрелге караган түнү, ушул каргашалуу окуя болуп кетти. Оорулуу кишинин агасы «ичкиликти ташта» деп анын эки бөтөлкө арагын чаап салган. Ага өчөшүп, иниси түндө балта менен келип, аны башка чаап өлтүргөн деген шек менен камакка алынды.
— Экинчи учурдачы?
Албетте, тиешелүү кызматкерлер энени өз учурунда карыялар үйүнө жайгаштырса, эне өзү төрөп чоңойткон уулунун колунан запкы көрмөк эмес. Кайын журту багууну сунуштаган, бирок ага макул болбоптур. Төркүнү Өзбекстанда болгондуктан ал жакка да бара албасын айткан. Азыркы учурда райондук администрация энени карыялар үйүнө өткөрүү боюнча документтерди даярдап жатат.
Акыркы беш айдын жыйынтыгы менен талдоо жүргүздүк. Жыйынтыгында кылмыштуулуктун саны 31 пайызга азайса, оор кылмыштардын саны 6-7 пайызга төмөндөптүр. Ал эми мас болуп кылмыш жасагандардын саны 12-13 пайызга кыскарган. Максатыбыз — кылмыштуулукту болтурбоо, алдын алуу жана элдин милицияга болгон ишенимин арттыруу.