Ал окуядан кийин өлкө аймагындагы бардык аба майдандарынын коопсуздугу текшерилип чыккан.
Sputnik Кыргызстан агенттиги так ошол авиациялык чатактын чоо-жайын архивдик документтер жана окуянын катышуучулары менен тактап көрдү.
Архивдик документтерге ылайык, окуя чаламандын чак түшүндө, саат 12.30дар чамасында болгон. Ошентип Пржевальск — Фрунзе каттамы кармалып калат. Негизи шектүүлөр аны менен борбор калаага учуп барып, андан ары ошол эле учак менен Түштүк Африка Республикасына жетүүнү көздөгөн. Алгач аэропорт кызматкерлери муну КГБнын машыгуусу деп ойлогон. Бирок чекисттер мындай мүнөздөгү иш-чараларды өткөрүү алдында сөзсүз эскертүү бермек.
Бир нече адамдын өмүрүнө коркунуч жараткан окуяда шектүүлөр менен пилоттор, аэропорт кызматкерлери сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, жүргүнчүлөрдүн бардыгын аман-эсен бошотуп алган.
Кылмышкерлер жарандык аба кемесин басып алганда анын ичинде учкучтар болгон эмес. Кол салгандар пилоттордун келишин талап кыла баштаган. Убакыттан пайдаланып учактагы алты адам качып кеткенге үлгүргөн. Ал эми аэропортто иштеген Токтобүбү Давлетшаева "Силерге эмне болду? Каякка учушуңар керек эле же билет керекпи?" деп куралчандарды сөзгө тартууга аракет жасаган.
Ошол учурду ал мындайча эскерет:
Ошондой эле ал учак ичинде коркуп отурган кош бойлуу келинди, баласы менен бараткан кемпирди сүйлөшүп кое бердиргенин кошумчалады.
Аэропорттун кызматкерлери кылмышкерлер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, натыйжада үч адам бошотулганы архивдик документтерде да жазылган. Бирок окуяны изилдеген комиссиянын кагаздарында эки гана кылмышкер болгондугу көрсөтүлгөн.
Ошол маалда укук коргоо кызматкерлери келгенче учкучтар убакытты созуу үчүн куралчандарды алдап, амалкөйлүк кылып учакка күйүүчү май куюп, техникалык кароодон өткөрүү зарыл экендигине ынандырышкан. Ошентип учак ичинде кылмышкерлер менен өмүрүн тобокелдикке салган пилоттор эле калган. Укук коргоо кызматкерлери аба майданына окуя башталгандан 45 мүнөт өткөндөн кийин келген. Аскерлештирилген күзөтчүлөр учактын алды жагына автоунааны токтотуп, АН-28ди курчоого алган.
Кийинки сүйлөшүүлөр курч өтүп, барымтага алынган учактын ичине аэропортто иштеген жумушчу катары КГБнын кызматкери кирүүгө үлгүргөн. Кылмышкерлерди колго түшүрүү операциясы башталганда пилотторго акырын окуя болуп жаткан жерден алыстоого буйрук берилген. Андан соң эки шектүү күч менен кармалган. Анын бири Токмоктогу ири ишканалардын биринде эмгектенген 15 жаштагы Андрей Винников болгон. Экинчиси болсо ошол эле шаардагы Айыл чарбасын механизациялоо жана электрификациялоо техникумунун студенти 16 жаштагы Алим Гаффаров эле. Окуядан жабыркагандар же көз жумгандар болгон эмес.
Эргулдарды кармоо операциясы боюнча Токтобүбү Давлетшаева буларды айтып берди.
Көпчүлүктү дүрбөлөңгө салган окуядан кийин Транспорт прокуратурасы 3-сентябрда эле эки балага карата кылмыш ишин козгойт. Ысык-Көл облустук соту 1991-жылдын башында ишти карап чыгып Гаффаровду беш жылга эркинен ажыратып, экинчисинин жашы жете элек болгондуктан кылмыш жоопкерчилигинен бошоткон. Кийин бул чечим Жогорку сотто да өзгөртүүсүз калтырылган.
Мындан сырткары, окуянын чоо-жайын толугу менен аныктоо үчүн атайын комиссия түзүлөт. Бир нече адамдан турган топ бир ай бою болгон каргашанын күңгөй-тескейин тактап чыгып, тиешелүү мамлекеттик органдарга сунуш, эскертүүлөрдү берип, алешемдиктерди аныктап чыккан. Алсак, комиссия эмнеге аба майданында милиция кызматкерлери болгон эмес деген маселени кабыргасынан койгон. Талап боюнча жүргүнчүлөрдү аэропорттун имаратынан учакка чейин куралчан кызматкерлердин коштоосунда жеткирүү зарыл болгон. Анда ИИМ окуу жылы башталгандыгына байланыштуу көпчүлүк милиционерлер Каракол шаарынын ичинде кызмат өтөп, аэропортту кайтарууга киши болбогондугун жана ага атайын топ каралбагандыгын кабарлашкан. Ошондой эле аба майданы жакшы корулбай, талап боюнча каралган объектилер жок экендигин айтып чыгышкан.
Ал эми жүргүнчүлөрдү аман сактап калган аэропорт кызматкерлери Александр Французов, Андрей Дергачев, Токтобүбү Давлетшаева, Аманбай Акунов жана Федор Никитин өкмөт тарабынан сыйлыкка татыгандыгы архивдик документтерде жазылган. Бирок окуянын катышуучулары эч кандай көңүл бурулбай, бат эле унутулуп калгандыгын эскеришет.
Жүргүнчүлөрдүн өмүрү үчүн тобокелчиликке баргандардын көпчүлүгү союз тарап кеткенден кийин коңшу өлкөлөргө иштеп кеткен.