Эшектин эти эмне болду? Ветинспекция директорун жоопкерчиликке тартуу талап кылынды

Жазылуу
Шайназаров 1570 эшектин эти эмне болгонуна, анын жок кылынганы боюнча тийиштүү органдардын корутундусу кайда экенине кызыкты.

БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Тынчтык Шайназаров Кара-Суу районундагы Мады айылындагы эшек фермасы боюнча маселени кайрадан көтөрүп, ал жактагы көмүскө иштерге Ветеринардык жана фитосанитардык мамлекеттик инспекциянын директору Калысбек Жумаканов аралашканын айтты.

Депутат бул маселени 9 айдан бери көтөрүп келе жатканын, тийиштүү кызматтын жетекчилери жабабыз деп сөз бергени менен андан майнап чыкпай жатканын айтты. Андан сырткары, эмне үчүн жабылбай жатканын тактаганга аракет кылганын белгиледи.

"Калысбек Жумаканов "ферма мыйзамдуу, ал жабылбайт" деп айткан. Тактап чыксам, ошол иштин башында Жумаканов өзү турат экен. Мындай тыянакка эмне үчүн келдим? 22-январда Бажы кызматы кыргыз-кытай чек арасынан аткезчилик менен өткөрүүгө аракет болгон жүктү кармаган. Машиналарды ачканда 27 миң ондатранын, 1570 эшектин териси чыккан. Документтерди карап Ветеринардык инспекциянын актысына таянсак, алар "биз ачтык, көрдүк, 16 000 ондатранын териси бар экен" деп акт түзүп жатат. 40 миң ондатранын терисине уруксат берүү боюнча Жумаканов өзү кол койгон", — деди депутат.

Шайназаров 1570 эшектин эти эмне болгонуна, анын жок кылынганы боюнча тийиштүү органдардын корутундусу кайда экенине кызыкты.

Жылкылар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Быйыл өлкөдөгү жылкы менен чочколор идентификацияланат
Эл өкүлү Финансы полициясы чек арадагы аткезчилик менен алынган жүк боюнча фактыны кылмыш өндүрүшүнөн алып тергеп жатканын кошумчалады.

"Мен буга чейин суранып келдим. Эми Ветеринардык инспекциянын жетекчиси кылмыш жоопкерчилигине тартылсын деп талап кылам. Ал тергөө иштери жүрүп жаткандыктан кызматынан убактылуу бошотулсун", — деди ал.

Шайназаров, андан сырткары, аталган инспекциядагы башка иштерге да өкмөт көңүл бурбаса, жакында дагы башка көйгөйлүү маселе көтөрүлөрүн айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0