Колдошов Алтынай Нарбаева аткарган "Жарты кайык", Самара Каримова ырдаган "Мен дүйнөнү апам менен тааныгам", Эрнист Бөрүбаевдин "Сиз жөнүндө", Айпери Кулбаеванын аткаруусундагы "Элегия" ырларынынын обонун жазган. Жалпысынан 50гө жакын ырга обон берген. Ошондой эле өзү да чыгармаларды аткарып келет.
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысы Түмөнбай Колдошов менен чыгармачылыгы, үй-бүлөсү жана алдыдагы ой-максаттары тууралуу маек курду.
— Сөз башынан болсун, балалык күндөрүңүз кандай өттү?
Балалыгым айылда өттү. Аябай тартынчаак, жоош, эки колум чөнтөктөн чыкпаган бала элем. Чыгармачылыкка жакын өстүм. 1-классымда Алиппе майрамы болгондо Асанкалый Керимбаевдин "Энеке" деген ырын ырдагам. Адабиятка жана музыкага атам кызыктырып жиберди. Илгери "Ала-Тоо" деген журналдын ар бир санын калтырбайт окучубуз. Журналдар азыркыга чейин бар, мугалим болгондо Ошко алып келип алгам. Мектепте жүргөндө эле аккордеон үйрөнүп, ырдап, ыр жаздым. 9-класста окуп жүргөндө "Кыштын ызгаарында" деген биринчи аңгемемди жазгам. Анан обон жазганга ыктай баштадым.
Таланттуулардын көбү шок болот. Мен эч ким менен жакалашкан жокмун. Өмүр бою эле жакалашпай келем (күлүп). Өзүм менен өзүм сүйлөшкөн адам элем. Кадыресе экөөбүз бет маңдай отургандай (мени көрсөтүп — ред.), бери жагы Эстебес Турсуналиев, нары жагы Жолдошбек Мамажанов менен сүйлөшчүмүн. Колум да кыймылдап кетчү. Бул эми ашыкча кыялкечтик деп ойлойм. Кой жайган маалда аккордеон менен али ойной электе колдорумду кыймылдатып "Сүрөтүңөнү" ырдачу элем. Чоңойсом Жолдошбек Мамажановдой, Эстебес Турсуналиевдей болом дечүмүн. Үйдө Турсуналиевдин портрети да илинип турчу.
— Мектепти бүткөндө филология тармагына тапшыруу өзүңүздүн эле чечим болдубу?
— Мен журналист, диктор болууну абдан самачу элем. Бирок ал жакка тапшыра албай калып, кыргыз филологиясында окуп калым. Тууганчылыгы бар адистик эмеспи, өкүнбөйм, журналист болбосом дагы өзүмдүн көз карашымды, оюмду жаза алам, айта алам. Эң жок дегенде Ошко же Жалал-Абадга окууга өтөйүн дегем. Бирок ошол жылы шартыбыз туура келбей калды. Себеби мектептеги эң алдыңкы окуучулардын бири болчумун. Менден төмөн упай алгандар бюджеттик негизде шаарларга окуганы кетишкен. Мен Ала-Бука гуманитардык институтуна, болгондо дагы сырттан окуу бөлүмүнө тапшыргам. 2005-жылы ошол эле окуу жайда техник-оператор деген штат ачылып, иштеп калдым. 2008-жылы Ош мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясы факультетинин күндүзгү бөлүмүнө которулуп келдим. Анан ошол жылдары обончулугум башталып кетти. ЭлТР уюштурган "Алтын үн" сынагында 112 катышуучунун ичинен баш байгени жеңип алгам. Бүгүнкү күндө Ош мамлекеттик университетинин социалдык жана тарбия иштери боюнча проректормун, ошондой эле кыргыз филология факультетинде доцентмин.
— Анда театр, филармонияларда иштегенге убактыңыз жок турбайбы?
— Анын зарылчылыгы жок. Экинчиден, мугалим болуп иштеп илимдин арты менен жүрөм. Студент кезде алты ай Рыспай Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармонияда фольклордук топто иштеп, айлыгынын аздыгынан чыдаган жокмун. Андан кийин кыргыз, өзбек мектептеринде музыка, адеп, адабият сабактары боюнча мугалим катары иштедим. Ошону менен окууну да бүтүп калдык.
— Окутуучулук менен алектенип, илимдин аркасы менен жүрсөңүз, ыр жазганга, обон чыгарганга кенен убакыт жетпесе керек. Буйрутма бергендер көппү?
— Бирөөгө обон жазбайм. Буйрутма менен да иштей албайм. 2012-2015-жылдары катуу иштедим окшойм. Көп обондорум жазылды, концерт да бердим. Андан бери эки-үч гана обон жаздым. Негизи чыгармалардын саны көп болсо, бири-бирине окшошо баштайт. Экинчиден, өзүмдө сандан-сапатка деген талап бар. Анүстүнө чыгармачылыкта жаңы барактарды ачуу үчүн тыныгуу керек.
Азыр обон жазгым келип, жан дүйнөм текст издеп калды. Текст таппасам, обон жазбайм. Чоң обончулар обон жазып алып, текст издешет, меники тескерисинче. Ыр таап, жаттап, ал жүрөккө отуруп, орун алганда обон жазыла баштайт.
— Кандай учурда эргүү келет?
— Ырдын текстин тапмайынча мен эч ким эмесмин. Обонду маанайым жок кезде жазам. Адам курсагы тоюп, жыргап жүргөн мезгилде чыгармачылыкка дагы, өмүрүнүн өтүп жатканына да кайгырбайт. Жаның кыйналып турганда өзүңдүн ким экендигиңди билип, өзүң тууралуу ой толгоп, өзүңдү издей баштайт экенсиң.
— Жакында өтө турчу концертиңиз тууралуу. Аталышы эмнеге "Сезимдеги аккорддор"?
— Сиздин коомчулукка таанылышыңызга Самара Каримова аткарган "Мен дүйнөнү апам менен тааныгам" деген ыр да себеп болду окшойт. Андан кийин бул ырды өзүңүз да аткарып чыктыңыз.
— Көбү ошентип ойлойт. Ал ырды алгач мен аткаргам, анан Елизабетта аттуу кыз, Нуртилек деген бала, анан барып Самара ырдады. Мен шоу-бизнестин бизнесмени эмесмин. Байма-бай ыр жазып, артынан кубалап клип тарттырып, чыгармаларымды радиодон бере алган жокмун. Аткаруучуларга дайым ыраазычылык билдирип келем. Ырларымдан кийин таанылган автормун. Ар бирин этап менен коюп коем. Чыгармачылыгымда "Сизди сүйгөм" деген ыр менин дебюттук чыгармам, "Сагындыңбы, мен да сагындым" ("Элегия") - визиттик карточкам, "Мен дүйнөнү апам менен тааныгам" менин атымды чыгарган ыр болуп калды.
— Эң коркунучтуу нерсе обонду бузуп ырдагандар болсо керек?
— Бузуп ырдап койгондор көп болгон эмес. Бир кыз жаш кезинде жакшы ырдачу эле, анан кийин заманбап кылам деген окшойт. Бир аз бузуп ийип, кийин өзү оңдоду. Мен эч нерсе деген эмесмин. Болгону социалдык тармакка өзүм тууралуу пост жазгам. Мен обончу катары эч бир акындын текстин оңдобойм. Маселе болсо акынга чалып өзүнө оңдотом. Сөздөрдү алмаштырып, каалашымча койгонго менин акым жок, экинчиден, андай адепсиздикке мен бара албайм. Аткаруучуларга авторлорду айтып ырдагыла дейбиз.
Мен деле тойдо ырдап коем. Тойдун баарында даңгур-дуңгур ырлар боло бербейт да. Муңдуу ырларымды тыңдайм дегендер бар. Тойго ылайыктуу чыгарма жаза алган жокмун, балким таптакыр жазбайттырмын.
— Мугалим болуу кыйынбы?
— Ырахаттуу. Эгерде адамдын табитинде мугалимдикке болгон кызыгуу жок болсо, кыйналышы мүмкүн. Ысыгына, суугуна чыдаган адам бала окута алат. Жашоодо пунктуалдуу болгонго аракет кылам. Коңгуроо болгондо кириш керек, чыгыш керек деген түшүнүк бар. Жашоону бир алкакка салып койгонго да болбойт, айрым учурда эркиндик да керек. Балдар менен теңата да сүйлөшүп, дидарлашуу зарыл. Анын эмне болуп жатканын, эмне ою бар экенин билишибиз керек. Сүйлөшпөсөң бири-бириңен алыстайсың, анан таарынышып отуруп душманга айланасың. Мисалы, менин бир эле ырымды угуп туруп кол шилтеп, чыгармачылыгымды жокко чыгарып салгандар бар. Биз дайыма кол алышып, өмүрү сүйлөшпөгөн адамдар тууралуу кеп кылып, сыртынан тон бычабыз.
— Сыртыңыздан дистанцияны, субординацияны бекем кармаган адам сезилесиз. Жаңылышамбы?
— Ал сапаттар керек. Бирок бир нерсени айткым келем. Биз көп учурда айланадагылардын сөзүнөн чыга албай, өз алдыбызча ой жүгүртө албай, көз карашыбызды билдире албай, бирөөлөрдүн көзү менен жашап, жеке бактыбыз үчүн күрөшө албай, өзүбүзгө чектөө коюп алабыз дагы, ошону менен өмүр бою элдин оозун карап жашап калат экенбиз. Бир нерсе болсоң эч ким сенин табагыңа аш салып бербейт, кол сунбайт. Мүдүрүлсөң да, жыгылсаң дагы сага эч ким жардам бербейт. Бул биздин ата-энелерибиздин "эл эмне дейт" деген тарбиясынан болсо керек. Эгер мен ошол стереотипти эбак сындырып салсам, азыр башка Түмөнбай болмокмун...
— Мына аткарам деген пландар тууралуу эмес, келечекке койгон бийик ой-максаттарыңыз тууралуу сурагым келип турат.
— Соңунда жеке турмушуңуз тууралуу айтып бересизби?
— Келинчегимдин аты Гүлназ. Ала-Буканын Биринчи май айылынан болот. Үч уул, бир кызыбыз бар. Кызыбыз жаңы эле төрөлдү. Бактылуу жашаганга абдан аракет кылган үй-бүлөбүз.