Төкмө акын Изат Айдаркулова: эркектер менен "катуураак" айтышып алам

Жазылуу
Кыргыз элинде илгертеден бери айтыш өнөрүн мырзалар аркалап келгендиктен, кыздарыбыз азыр дагы саналуу эле. Ошондой өнөрлүү кыздарыбыздын бири — Изат Айдаркулова. 31 жаштагы төкмө акын бир катар эл аралык жана республикалык сынактардын байге ээси.

Изат Айдаркулова жакынкы убакта "Айтыштын ак жылдызы" аталышындагы чоң концертин берүүгө камынып жүргөн чагы. Ал Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине маек куруп, алдыда боло турчу концерти, акындык жолу жана үй-бүлөсү тууралуу айтып берди.

— Изат айым, жеке концертиңизде күйөрмандарыңызды кандай программа менен сүйүнтөсүз?

— Даярдык кызуу жүрүп жатат. Жеке концертим дегеним менен бул жерде мага көмөктөшкөн, дем-күч берген бүтүндөй "Айтыш" коомдук фондусунун мүчөлөрү, устаттарымдын жардамы чоң. Концерттин 70-80 пайызын айтыш түзөт. Чыгармачылыктын башка багыттарында жүрсөм да эл мени ушул өнөрдөн тааныды. Сөзсүз түрдө ырчы, бийчилер коштойт.

© Sputnik / Табылды КадырбековАйтыш өнөрү боюнча эл аралык жана республикалык сынактардын байге ээси Изат Айдаркулова
Төкмө акын Изат Айдаркулова: эркектер менен катуураак айтышып алам - Sputnik Кыргызстан
Айтыш өнөрү боюнча эл аралык жана республикалык сынактардын байге ээси Изат Айдаркулова

— Устатыңыз Элмирбек Иманалиев менен кандайча таанышып калгансыз?

— Бир тууган эжем Нурзат Айдаркулова Элмирбек агай менен жакшылыктардын биринде отурганда "сиңдимдин акындыкка чымыны бар, талантын байкап көрбөйсүзбү" дептир. Ошондо агай Оштон Бишкекке бара турчу учакка шашып жатканына карабастан бир саатын биз менен маектешүүгө бөлдү. Чыгармачылык боюнча кызыккан, түшүнбөгөн суроолорумду берип, кеп-кеңеш ала алдым. Эки-үч айдан кийин борборго көчүп келдим. 2016-жылга чейин Жалал-Абад облустук филармониясынын оркестринде солист болуп эмгектенгем.

— Элмирбек байке менен иш алып барууда кыйынчылыктар болдубу?

— Агай күчтүү педагог жана психолог. Ар бир акын эмнеден аксап, эмнеге жетишип жатканын, айтор, баарын көрүп-билип, туюп турат. Биздин кыял-жоругубузга карап мамиле жасайт. Баарыбыздын башыбызды бириктирип, ынтымакта кармап турган ошол киши.

© Sputnik / Табылды КадырбековАйдаркулова: кыз, эркегине карабай, төкмө акындын баары эле мага атаандаш. Ким менен айтышка чыгарың буйрук. Көбүнчө эркек балдар менен айтышам
Төкмө акын Изат Айдаркулова: эркектер менен катуураак айтышып алам - Sputnik Кыргызстан
Айдаркулова: кыз, эркегине карабай, төкмө акындын баары эле мага атаандаш. Ким менен айтышка чыгарың буйрук. Көбүнчө эркек балдар менен айтышам

— Акыркы маектериңизден угуп калдым, анда сизди атаңыз "төкмө акын болбойсуңбу" деген сунушун илгери эле айтыптыр, бирок жүрөксүнүп койгон экенсиз...

— Анда 10-класста окучумун. Оюмда кыздардан кантип акын чыксын деп ыңгайсыз болуп койгом. Кийин университетти бүткөндөн кийин төкмөлүк өнөргө өзгөчө көңүл буруп, изилдей баштадым. Өзүмдү айтыштан таптым.

— Атаандаштык бар жерде өсүш бар. Бирок айтышта кыздар аз болгондуктан өнөктөш, каршылаш таппай кыйналбайсызбы?

— Азыр акындыкка кызыккан кыздар көбөйдү. Бирок алар айыл жергесинде. Мага, Элмирбек агайга кайрылып, акындыктын жолун сурап жазып калышат. Бир кезде айтышка катышкан кыз-келиндердин тобу келет деп ишенем.

Учурда айтыштан ордун таап келе жаткан кыздар Жамайка Токонова, Гүлкайыр Айбаш кызы жана төгүп да, жазып да жүргөн акын Мырзайым Айтымбетова бар.

— Негизги атаандаштарыңыз коңшу Казакстандан болсо керек...

— Кыз, эркегине карабай, төкмө акындын баары эле мага атаандаш. Ким менен айтышка чыгарың буйрук. Көбүнчө эркек балдар менен айтышам. Тууганбай Абдиевдин 90 жылдыгына арналган эл аралык айтышта казакстандык Сара Токтомусова менен кез келип, кыргыз-казак кыздарынын айтышын тартууладык. Анда Сара эже көбүрөөк упай топтоду. Ал мага ортодогу ынтымактын, достуктун белгиси катары күмүш шакегин белекке берген.

— Эркек балдар айтышта кыздарды сыйлап, көп деле башынан аттап өтө албаса керек.

— "Кызыгын көрбөйт дүйнөнүн, кыз сыйлабас макулук" деген накыл сөз бар эмеспи. Айтышта балдар кыздарды сыйлоо менен жакшы баага татыйт. Деги эле кыргыздар салттан чыкпаган, нарк-нусканы сактаган калкпыз да.

© Sputnik / Табылды КадырбековИзат Айдаркулова: бир кезде айтышка катышкан кыз-келиндердин тобу келет деп ишенем
Төкмө акын Изат Айдаркулова: эркектер менен катуураак айтышып алам - Sputnik Кыргызстан
Изат Айдаркулова: бир кезде айтышка катышкан кыз-келиндердин тобу келет деп ишенем

— Айтышта сиз ачуу сөз угуп же каршылашыңызга катуу айтып алган учурлар болдубу?

— Сөзгө чыдаган адам акын болот. Айтышта эмоцияны билдирип койгонуң - жеңилгениңди билдирет. Ошондуктан каршылаштын тетири кеткен сөзүн оң тарапка буруп кетүү — жеңиш. Мырзаларга катуу айтып жиберген учурлар болот. Анан аялзатыныкы кечиримдүү деп өзүмдү актап коем (күлүп). Кийин видеосу чыкканда комментарийден сындарды окуп калам. Тилде сөөк жок. Акыл калчап айтканга аракет кылабыз.

— Тойлордо да кызмат кыласызбы?

— Чакыруулардын бардыгына эле бара бербейм. Кыргыз кызуу кандуу калкпыз. Тез, шыр төккөндөрдү жактырышат. Өзгөчө Аалы байке (Туткучев — ред.) элди көндүрүп койгон да. Меники балкыманын обону менен жайыраак ырдалгандыктан эл көп көңүл бурбагандай, өзүм ыңгайсыз абалда калгандай сезим боло берет. Тар чөйрөдө, тууган-уруктардын жакшылыгына барып коем.

© Фото / из личного архива Изат АйдаркуловойТөкмө акын Изат: бир тууган эжем Нурзат Айдаркулова дастанчы катары эл оозуна алынып келе жатат
Төкмө акын Изат Айдаркулова: эркектер менен катуураак айтышып алам - Sputnik Кыргызстан
Төкмө акын Изат: бир тууган эжем Нурзат Айдаркулова дастанчы катары эл оозуна алынып келе жатат

— Мен сизди дастанчы Нурзат Айдаркулованын бир тууган сиңдиси экениңизди билбептирмин. Жалпы үй-бүлөңүз дагы өнөр жолундабы?

— Таенем Мөлмөл көмөкөйү менен ырдаган адам болгон. Мындай үн көбүнчө алтайлыктарда болот. Мен анын ырдаганына кызыгып жүрчүмүн, бирок үйрөнө алган жокмун. Анан аябай сөзмөр аял болгон. Апам дагы макалдатып сүйлөгөн адам. Атам ырдын сөзүн, обонун жазып жүрөт. Акын Рахматулла Козукеевдин алгачкы устаттарынын бири. Үй-бүлөдө беш кыз, үч уулбуз. Улуу байкем комуз чабат. Эжелерим балдарга комуз үйрөтүп ийримде иштешет. Нурзат эжем дастанчы катары эл оозуна алынып келе жатат.

© Фото / из личного архива Изат АйдаркуловойИзат Айдаркулова: жолдошум айтыштын ашыккан күйөрманы. Менин күйөрманым, сынчым, акыл айтканым да ушул киши.
Төкмө акын Изат Айдаркулова: эркектер менен катуураак айтышып алам - Sputnik Кыргызстан
Изат Айдаркулова: жолдошум айтыштын ашыккан күйөрманы. Менин күйөрманым, сынчым, акыл айтканым да ушул киши.

— Үй-бүлөлүк жашоо менен чыгармачылыкты айкалыштыруу оор эмеспи?

— Чыгармачылыкты сүйгөн адам бардык тоскоолдуктарды жеңе алат. Мындай алып караганда, үй-бүлө өз нугунда, чыгармачылык өз жолунда кетип жатат. Жолдошум айтыштын ашыккан күйөрманы. Биз интернет аркылуу таанышып, сүйлөшүп жүрүп баш кошконбуз. Менин күйөрманым, сынчым, акыл айтканым да ушул киши. Өзү саяпкер.

Жаңылыктар түрмөгү
0