Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен бүгүн эртең менен келди. Аны "Манас" эл аралык аэропортунан мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков тосуп алды.
Путиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын 21-жыйыны өтөт. Андан сырткары, 27-мартта Кыргызстан менен Россиянын ишкер чөйрөсүнүн катышуусу менен кыргыз-орус аймактар аралык VIII конференциясы өттү.
Баса, Россия президенти Путин Бишкекте өзүнүн Aurus лимузини менен жүрөт.