Кыргыз-Россия конференциясында дээрлик 1,5 млрд. долларлык келишимге кол коюлду

© AP Photo / LM OteroАКШ долларлары. Архив
АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Келишимде канча суммага иштер аткарыла турганы да так көрсөтүлгөн.

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. "Стратегиялык өнөктөштүктүн жана интеграциянын жаңы горизонттору" аттуу Кыргыз-Россия аймактар аралык VIII конференциясында бир катар келишимдер менен меморандумга күндүн экинчи жарымында кол коюлду.

Документтердин тизмеси жана макулдашылган каражаттын көлөмү:

  • 2019-2025-жылдары Россиядан Кыргызстанга айыл чарба техникаларын алып келүү боюнча келишим (20 миллион доллар);
  • Спирт жана курамында спирти бар продукцияны өндүрүү жана айлантуу боюнча келишим (8 миллион доллар);
  • Россиянын геологиясы менен КРдин өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин ортосундагы кызматташуу боюнча келишим (1,2 миллиард доллар);
  • "Бишкек штамптоо заводу" менен Казань мамлекеттик порох (дары) заводунун ортосундагы кызматташуу жөнүндөгү келишим (15,3 миллион доллар);
  • "Бишкек штамптоо заводу" менен Барнаул патрон заводунун ортосундагы кызматташуу тууралуу келишим (15 миллион доллар);
  • Биргеликте органикалык жер семирткичтерди өндүрүүнү уюштуруу боюнча меморандум (50 миллион АКШ доллары);
  • "Молжер-kg" биоорганикалык препараттарды өндүрүү" долбоорун ишке ашыруу боюнча кызматташуу тууралуу меморандум (50 миллион доллар);
  • "Глицерол" органикалык жер семирткичти чыгаруу" долбоорун ишке ашыруу боюнча кызматташуу тууралуу меморандум (50 миллион доллар);
  • "Органикалык жер семирткичтерди чыгаруу жана тоют кошумчаларын ишке ашыруу" долбоорун ишке ашыруу боюнча кызматташуу тууралуу меморандум (50 миллион доллар);
  • Вакцина чыгаруу долбоорун ишке ашыруу боюнча кызматташуу тууралуу меморандум (50 миллион доллар);
  • Кыргызстан айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги менен "Молмаш Заводу" ортосундагы кызматташуу боюнча меморандум (23 миллион доллар).
Жаңылыктар түрмөгү
0