Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Мадумаров: билим берүү тармагын колго алмайын экономика өнүкпөйт

© Sputnik / Табылды КадырбековДиректор ГКС КР Акрам Мадумаров
Директор ГКС КР Акрам Мадумаров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик кадр кызматынын жетекчиси Акрам Мадумаров мамлекеттик кызматкерлер биринчи кезекте билимдүү болуусу шарт деген пикирин билдирди.
Мадумаров: билим берүү тармагын колго алмайын экономика өнүкпөйт

Менин жетекчи катары да, жеке инсан катары да позициям ушундай. Өнүгүүнү каалаган ишкана алгач кадрларынын билимине көңүл буруусу зарыл. Бул тууралуу Акрам Мадумаров Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып айтып берди.

Анын пикиринде, учурдагы билим берүү жаатындагы көйгөйлөрдү бир эле министрлик чечүүгө милдеттүү эмес.

"Мамлекеттик кызматкерлердин аброюн көтөрүүдө өлкө тарабынан кызмат көрсөтүп жаткан бардык структураларга "мамлекеттик кызматкер" деген макамды берүүдөн башташ керек. Жеке компаниялар жана мамлекеттик кызматкерлер деген эки гана статус болушу шарт. Анан, албетте, алардын айлык акысын жогорулатуу талабы бар. Өзгөчө аймактарда иштеген мамлекеттик кызматкерлердин билим деңгээлин, этикасын карап, дайыма көзөмөлгө алып туруу керек. Ошондо гана мамлекеттик кызматкерлер өлкө казынасына сезилерлик каражат алып келип, жемиштүү иштей алышат. Бул өз кезегинде өлкө экономикасын көтөрөт. Акырындап отуруп, өнүккөн чет мамлекеттердегидей эле жеке компанияда иштөөгө караганда, мамлекеттик кызматкер болуу абройлуу орунга айланат", — деди Мадумаров.

Ал мамлекеттик кызматка келип жаткан жаш кадрлар бул маселени түшүнүп, көпчүлүгү билимин жогорулатып турууга ынтызар экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0