БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Эл аралык "Манас" аэропортуна бараткан жолдун боюнда жайгашкан Ак-Жол айылында автоунаа бакты сүзүп, ичиндеги айдоочу мүрт кетти. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине Чүй облустук милициясынан кабарлашты.
Автокырсык 17-мартта болжол менен кечки саат 23:00дө болгон. Маалыматта Nissan Primera автокөлүгү Эл аралык "Манас" аэропортунан Бишкекти көздөй келе жатканда кырсыктаганы айтылат.
© © фото очевидца, отправленное по WhatsApp-каналуДТП в селе Ак-Жол под Бишкеком
ДТП в селе Ак-Жол под Бишкеком
© © фото очевидца, отправленное по WhatsApp-каналу
"Алдын ала маалыматтар боюнча ичиндеги киши рулду башкара албай калып бакты сүзүп, ошол жерден жан берген. Айдоочунун 29 жашта экени белгилүү болду. Ал эми 18 жаштагы жүргүнчү кыз ооруканага жеткирилди", — деп кабарланган.
Кырсык эмне себептен болгону такталууда.