БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Британиянын "Суонси" клубунун жарым коргоочусу Берсант Целина "Вест Бромвич" командасы менен ойноп жатып, пенальтиде топту жаза тээп алды.
Адаттан тыш пенальти тебүүнүн видеосун Sky Sports Football порталы Twitter баракчасына жарыялады.
ICYMI: Swansea's Bersant Celina bizarre missed penalty was the story of the night as West Brom ran out 3-0 winners at the Hawthorns.
— Sky Sports Football (@SkyFootball) 14 марта 2019 г.
More: https://t.co/AdDcBHY4D1 pic.twitter.com/I7DbHctXJs
Биринчи таймда Целинага атаандашынын дарбазасына 11 метр аралыктан топ тээп, эсепти теңөө мүмкүнчүлүгү берилген, бирок ал аны колдон чыгарып жиберди. Чуркап келип топту тебем деп боюн токтото албай, өзүнүн сол бутун оң буту менен тээп алды.
Анын топ тепкенин социалдык тармактын колдонуучулары "тарыхтагы эң начар пенальти" деп жазып чыгышты.