Тажик аскерлери БТРде машыгуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
2022-жылдын 16-сентябрында тажик тарап Кыргызстанды көздөй алты жерден ок ата баштаган, чек арада абал курч бойдон калууда.

Зулпукаров: чек ара маселесин маалында чечпей азыркыдай көйгөйгө тушуктук

Жазылуу
Эл өкүлү чек ара аймагында жашаган айылдарга статус ыйгаруу боюнча өкмөткө берилген тапшырманы эске салды.

БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров жыл сайын жаз келип, эл жайлоого көчө баштаганда такай чек ара маселеси көтөрүлөрүн айтып, бул маселени өкмөт менен тыкыр талкуулап чара көрүү керектигин парламенттин жалпы жыйынында билдирди.

13-мартта Ак-Сай — Тамдык айланма жолдун курулушунан Баткен районунун Ак-Сай айылы менен Тажикстандын Меxнатабад айылынын тургундары ортосунда чыр чыккан.

Село Максат Лейлекского района Баткенской области - Sputnik Кыргызстан
Өкмөт кыргыз-тажик чек арасындагы абал боюнча парламентте маалымат берет
Коңшу айылдын тургундары бири-бирин ташка алганы маалым. 13-мартта кечки саат 20:00дөн кийин эки өлкөнүн 200гө чукул жараны кайрадан бири-бирине таш ыргытып кырдаал чыңалган.

Төрөбаев ошондой эле 5-чакырылыштагы депутаттар чек ара аймагында жайгашкан айылдарга статус берүү жөнүндө мыйзам кабыл алынганын айтып, ошол мыйзамдын негизинде өкмөт токтом чыгарганын кошумчалады.

"Өкмөт чек ара аймагында жашаган айылдарга статус берип, тизмелерин аныкташ керек болчу. Ал тизме бар. Токтомдун негизинде бюджеттен жыл сайын акча каралат", — деди депутат.

Эл өкүлү өз сөзүндө Тажикстан жана Өзбекстан менен демаркация, делимитация боюнча өкмөттөр аралык комиссия бар экенин айтып, алардын жасаган иштери боюнча өкмөттүк күн өткөрүү сунушталганын, бирок ушул күнгө чейин комиссиянын иши улам кийинкиге жылдырылып келе жатканын билдирди.

"Эгер өз учурунда маселелерди карай турган болсок, кечээкидей окуялар болбойт болчу", — деди Төрөбаев.

Ал ошондой эле жакынкы күндөрү аталган комиссиянын жасаган иштерин талкуулап, делимитация иштери качан бүтөрүн, демаркация иштери качан башталарын ачык талкуулап алууну сунуштады.

Жаңылыктар түрмөгү
0