БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Кыргызстандыктардын дээрлик жарымы аптасына 31-40 сааттан иштейт. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин 2017-жылдын жыйынтыгы менен түзүлгөн "КРдин эркектери менен аялдары" аттуу маалымдамасында айтылат.
Орточо эсеп менен эркектер 38 сааттан ашыгыраак иштесе, аялдар андан үч саатка аз эмгектенет экен.
Ар бир бешинчи эркек жана төртүнчү аял 30 жана андан аз саат иштейт. Аялдардын да, эркектердин да жарымы 31 сааттан 40 саатка чейин убактысын жумуш үстүндө өткөрөрү аныкталган.