00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
11:56
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Максимальный репост
Договор, сроки и земля - юрист о том как проверить новостройку до подписания документов
10:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жаштардын демилгелерин мамлекет колдоого алат. Республикалык конкурс башталды
11:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Кыргызстан адаптируется к климату: как работает стратегия до 2030 года
12:05
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Страна, которую принято не понимать - старт большого цикла бесед о России
14:04
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Туризм тармагындагы заманбап санариптик чечимдер: ЕАЭБ өлкөлөрүнүн тажрыйбасы
15:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Лето без кондиционера: эксперт по энергоэффективности о простых решениях
16:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Бырыштар менен күрөшүүдө сак болуңуз — косметологиянын курмандыгы болуп калбоо үчүн эмнелерге көңүл буруу керек?
17:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Нурбек Иманов, Бишкек эл аралык кинофестивалынын PR-директору
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
Зачем успешные руководители снова садятся за парту - рассказывает профессор РАНХиГС
20:06
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Туризм тармагындагы заманбап санариптик чечимдер: ЕАЭБ өлкөлөрүнүн тажрыйбасы
21:05
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Сулайманов: мамлекеттик резиденцияда чөөлөр улуп жүрөт

© AFP / JOSEPH EIDЧөө. Архив
Чөө. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Депутат чөөлөр куу келгендиктен аны атуу оор экенин белгиледи.

БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов акыркы учурда чөөлөр күч болуп жатканын, керек болсо анын үнү мамлекеттик резиденциянын ичинен угулуп жатканын парламенттин жалпы жыйынында билдирди.

© Фото / пресс-служба ЖК / Ашыркул ОморкуловЖогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов
Сулайманов: мамлекеттик резиденцияда чөөлөр улуп жүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов

Бүгүн депутаттар ар кандай маселелерди кароодо.

"Акыркы учурларда Кыргызстанда чөөлөр малга кол салган учур көбөйүп кетти. Жада калса адамдарга кол салган учурлар да болгону тууралуу угуп жатабыз. 2018-жылы чөөлөр 25 пайызга көбөйүптүр. Бүгүн коркунучтуу абалда турат. Алар талаадагы кыргоол, чил, өрдөк, коён дегендин баарын кырып бүттү. Малга кол салуулар көбөйдү", — деди ал.

Нарында малга кол салган карышкырды 2 саат кууп жүрүп атып салышты. Видео - Sputnik Кыргызстан
Нарында малга кол салган карышкырды кууп жүрүп атып салышты. Видео
Депутат, андан сырткары, мамлекеттен чөө аткандарга 2000 сом, карышкырга 6000 сом бөлүнөрүн айтып, бул туура эместигин белгиледи. Анткени чөө абдан куу келгендиктен аны атуу кыйын. Андыктан чөө аткандар менен карышкыр аткандарга берилчү каражатты 6000 сом кылып теңөө керектигин кошумчалады. Ошол эле учурда аңчылар жырткыч жаныбарды атканы үчүн мамлекеттен алчу каражатты бюрократиянын айынан ала албай кыйналарын айтып, мергенчилер жырткыч атууга кызыкпай калганына токтолду.

"Чөөлөр бүгүн резиденциянын ичинде улуп жатканын айтып жатышат. Өкмөт башчы угуп жатса керек ошону. Биз эки буттуу чөөлөр менен күрөшөбүз деп жүрүп, төрт аяктуу чөөлөрдү унутуп калдык окшойт. Бул аябай коркунучтуу болуп, элдин жүрөгү түшүп жатат, чөөлөр адам ыйлагансып түнү менен улуп чыгат", — деди Сулайманов.

Эл өкүлү, мындан тышкары, 2018-жылы жырткыч жаныбарлар 50 миллион сомго чыгым кылса, мамлекет аларга каршы күрөшүү үчүн болгону 6 миллион сом караганын айтты.

Буга чейин депутат Камчыбек Жодошбаев Нарында карышкыр күч болуп жатканын, андыктан аларды керек болсо тик учак менен атууну сунуштаган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0