Өмүрүнө кол салмак эмес! Кой-Ташта каза болгон жигиттин атасы үн катты

© Sputnik / Табылды КадырбековНезаконное использования огнестрельного оружия
Незаконное использования огнестрельного оружия - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чүй облустук милициясы Кой-Таш айылынан машинанын ичинен сөөгү табылган 25 жаштагы жигит жан кыйышы мүмкүн деген версиянын да тарап жатканын билдирген.

БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Бишкекке жакын жердеги "Кой-Таш айылында машинанын ичинен сөөгү табылган жигит жанын кыюуну ойлонуп жүрчү" деп Чүй облустук милициясынын тараткан маалыматы чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу маркумдун атасы Өмүрбек Шерматов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Бишкекте кишинин кафенин кассасына кол салып жаткан учуру видеого түшүп калды - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте кишинин кафенин кассасына кол салып жаткан учуру видеого түшүп калды
Белгилей кетсек, облустук милиция 25-февралда Mazda 6 үлгүсүндөгү автоунаадан 20-25 жаштардагы баланын сөөгү табылганын маалымдаган. Тинтүү учурунда машинанын ичинен Макаров тапанчасы табылган. Милиция "маркум чыкыйга өзүн-өзү атып каза болушу ыктымал" деген версияны да маалымдаган.

Шерматов уулу арак ичпегенин, чырдан оолак, оптимист жана жоопкерчиликтүү болгонун айтты. Окуусун бүткөндөн кийин үйлөнүүнү пландап жүргөнүн кошумчалады.

Ал ошондой эле тергөө аяктай электе, экспертизанын жыйынтыктары чыга элек туруп ИИМдин "маркум өз жанын кыйды" деген корутундуга келип жатканын сындады.

"Ал депрессияга түшкөн эмес, үйдүн жалгыз баласы болгондуктан дайыма көңүл бурулуп турчу. Батири, машинасы бар эле. Үйдө жалгыз жашачу, эгер өз жанын кыйгысы келсе, эмнеге алыска бармак эле? Анан калса, машинасы ылайга тыгылып калып, андан чыгууга аракет кылган экен. Оң колу рулда, сол колунда тапанча бар болуп чыкты. Эгер киши өзүн атканда тапанча колунда калбайт болчу да. Ал сологой да эмес болчу. Эгер чындап эле өмүрүн кыйгысы келсе, коштошуу катын жазып же телефон чалмак да. Ал менин таянар тоом болчу, мындайды эч кимдин башына салбасын..." — деди Шерматов.

Ал ошондой эле укук коргоо органдарынан бул окуяны тыкыр, адилет иликтөөнү суранат.

Жаңылыктар түрмөгү
0