Карач Мендегул уулу болжол менен 1837-жылы төрөлгөн. Калыстыгынан тайбаганы үчүн бир нече жолу болуш болуп шайланган. Уруулар аралык чыр-чатак, жаңжал, доолорду калыс карап, туура чечкендиктен ал чечен Карач аталган.
Карач аке 1914-жылы кайтыш болуп, сөөгү Ак-Суу өрөөнүндөгү Чолок (Орлинное) айылына коюлган. Урпактары Түп районунун Жылуу-Булак айылында турат.
Карач аке жөнүндө Казакстандын Билим берүү жана илим министрлигинин Чокон Валиханов атындагы тарых жана этнология институтунун борбордук мамлекеттик архивдик материалынан:
"1897-жылдын 8-апрелиндеги Пржевальск уездинин Кең-Суу болуштугуна жети адам шайлоого катышып, эң көп добушка Карач Эсенбаев Мендегул уулу ээ болгон".
***
"Карачтай шыдыр, таамай айткан жумуру башта жок" деп санжырада айтылгандай, Карач аке калыс, адилет болуп чындыкты жалтанбай бетке айткан өзгөчөлүгү үчүн Бугу уруусунун сый-урматына бөлөнүп, "аке" деген даражага жеткен.
***
Түрколог, тилчи, академик Хусейин Карасаев Кытайдагы кыргыздар турган Текестеги Жылдыз деген айылдан Карач аке менен кезиккенин төмөнкүчө эскерген:
Топ кишилер:
— Ии, семиз бээлүү адамды тонойт, кундуз тебетейлүү, сары тондуу байды тонойт! Бул байкуштун эмнесин тонойт?! Кийгени жаргак шым, чепкени жыртык болсо... Оо, силердин жолуңар болсун! Кое бергиле! Куру шылтоо айтып, доо арткан, кудайдан үмүтү жоктор, — деп жооп кайтарган.
Ошентип доо артып "бирдеме" өндүрүп алабыз деп, чоочун айылга келгендер үн катпай кете беришиптир.
Түгөлбай Сыдыкбековдун Карач аке жөнүндөгү аңгемелеринен дагы мисал:
"... Журтка аркасы тийген кадырман кишини "сөз ээси, журт көзү" дешет. Анткени айткан сөзү эм угулат. Жалпы журтка жаккан "Ат качырбас боз айгыр" атанат.
Адаттагыдай жакшылар отурган үйдө кеп тыйганды Карач аке мынтип сындырат.
— Соодонбек экөөбүз башкалардан артык эмеспиз. Жаныбызга киши отурбай калгыдай боз дөбө болуп кала элекпиз. Экөөбүз жеген эт Тепкенин курбусундай болду го. Бизден устукан алчу коңшу-колоң да отурсун бул үйдө", — деп айткандан бери Карач аке отурган үйгө кеп-сөз эшиткени карапайым кишилер көп кире баштаптыр.
***
Узун күнгөйдүн уруулары болуштукту талашып, чабышууга чейин барганда Карач аке атайын барат.
— Келчү эмес элеңиз, Карач аке?
— Мага көкүрөктө эчтеме артпай калды, болуш болгону келдим.
— Болуңуз, сизге кыйдык болуштукту.
Кол алышып:
— Кыйганыңар чын болсо, кечээ тирүүсүндө Дөөткулу "көз сала жүр" деп Нурдөөлөттүн Чолпонбайын тапшырды эле, ордума болуш шайлагыла", — деп шайлатыптыр. Чолпонбай көп жыл элге жаккан болуш болуптур.
***
— Жолдо кепти жоопсуз калтырчу эмес элеңиз. Түндө "ии, ии" деп баш ийкеп, кеп айталбадыңыз да", — деди жолдоштору.
— Жообум силер минген ат, калтадагы жыйырма беш сом", — деп күлдү Карач.
Көрсө, орчундуу учурда айтылбаган кеп да күчтүү болот тура.
***
1925-жылдын күзү. Аалы деген кишинин үйүндө көп жашаган Соодонбектен атайы кеп-сөз укканы келишкен кишилердин көзүнчө Барыктабас деген жигит сурады:
— Аке, сизди чечен, чечен дешет. Мурунку көзү өткөн чечендердин сиз билгендерден чыныгы чечени да, журтка калысы да ким болду экен?
Соодонбек башын калчылдатып чолок айтты:
— Журт мени деле чечен дейт. Мен кепти ойлонуп туруп айтамын. Чечендигим бир суулук. Журт мүдөөсүн шыдыр айткан, төп сөздүү эсил Карач чоң чечен болчу.
Соодонбектин кебин эшиткен журт:
— Ак кепти ачык, шыдыр айткан жарыктык Карач аке төп киши болуптур, — дептир.
Маалымат Кашымбек Асанбековдун "Ысык-Көлдүн жети акеси" аттуу китебинен алынды.