00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:00
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
17:04
42 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
3 мин
Максимальный репост
Онлайн-госуслуги: как сэкономить время и избежать визитов в ЦОН
10:04
35 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдеги эмгек миграциясы жана социалдык коргоо багыты боюнча кандай иштер жасалды?
11:04
32 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Президент Садыр Жапаров “Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду. Мыйзам 2024-жылдын 16-октябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Мыйзамдын максаты кайтадан ачылган жагдайлар боюнча ишти кайра баштоо жана соттун өкүмүн, аныктамасын, токтомун жокко чыгаруу, ишти токтотуу, сотко чейинки өндүрүштү уюштуруу үчүн ишти прокурорго же жаңы соттук териштирүү үчүн сотко өткөрүп берүү боюнча соттун укугун кеңейтип, тактоо болуп саналат. Ошону менен бирге мыйзамдын жоболорун ишке ашыруу сот адилеттигиндеги каталарды оңдоого багытталып, ал өз кезегинде сот системасынын адилеттүүлүгүн жана натыйжалуулугун камсыз кылат жана калктын сот адилеттигине болгон ишенимин бекемдөөгө жана ошого жараша мыйзамды урматтоого өбөлгө түзөт.
Мыйзамсыз курулган 1 180 батир мамлекетке өткөрүлдү. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев мамлекеттик ипотекалык курулуштар тууралуу суроого жооп берип жатып айтты. Ал айрым компаниялар жер тилкелерин мыйзамсыз алып, ал тургай курулуштарды баштап салышканын белгиледи. "Алардын алды 2028-жылы пайдаланууга берилет. Бул курулуштар Мамлекеттик ипотекалык компанияга өткөрүлгөн. Эми андагы батирлер жол-жобо менен келишимдин негизинде ипотекага берилет", — деди Туманбаев.Учурда республика боюнча курулуп жаткан үйлөрдөгү батирлердин саны 42 миңге чейин жетет.
Өлкөдө «Айымдардын ден соолугу!» бир айлыгында 760 миңден ашык аял медициналык кароодон өттү. Саламаттык сактоо министрлигинен маалымдашкандай, республикалык бир айлык октябрь айында уюштурулду. аталган бир айлыкта медициналык мекемелерге катталган жалпы аялдардын 50%ы дарыгерлерге кайрылышкан. Анда 45 миңге жакын аялда кан басымынын жогорулашы биринчи жолу аныкталды, 10 миң аялда жүрөк-кан тамыр ооруларынын пайда болуу коркунучу жогору экени белгилүү болду. Ошондой эле 5 миң 600дөн ашык аялда кант диабетинин жогорку коркунучу байкалды. 300 аял эмчек безинин рагына, ал эми 550 аял жатын моюнчасынын рагына шектелип саламаттык сактоо системасынын үчүнчү деңгээлине жөнөтүлдү.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түзүмдүк, аймактык жана ведомствого караштуу бөлүктөрүндөгү аскер кызматкерлери күжүрмөн даярдыгы боюнча аттестациядан өтүшүүдө. Министрликтен билдиришкендей, кызматкерлердин күжүрмөн даярдык деңгээли, аскердик тартиби, жалпы аскердик уставдардын талаптарынын аткарылышы, ыкчам жана мобилизациялык даярдыктары, билим деңгээли атайын түзүлгөн комиссия тарабынан бааланып, өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин жеке көзөмөлүндө өтүүдө. Ошондой эле үстүбүздөгү жылдын окуу жылынын жыйынтыгы чыгарылууда.
Бүгүн, Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Жол-Сай айылынын Мазар тилкесинде жер көчтү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, жерине тактоо иштерин жүргүзүү үчүн министрликтин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын Аксы райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ, Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинен адис жөнөтүлдү. Маалыматка ылайык, көчкүнүн көлөмү болжол менен 600 куб метрди түзүп, унаа жолго жеткен. Айыл тургундарына, турак жайларга, мал-мүлккө зыяны тийген эмес.
Жаңылыктар түрмөгү
0