00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:00
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
17:04
42 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
3 мин
Максимальный репост
Онлайн-госуслуги: как сэкономить время и избежать визитов в ЦОН
10:04
35 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдеги эмгек миграциясы жана социалдык коргоо багыты боюнча кандай иштер жасалды?
11:04
32 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
Кыргыз-казак чек арасындагы өткөрүү бекеттери жөнүндөгү протокол ратификацияланды. Тийиштүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койгонун анын маалымат кызматы кабарлады. Протоколдо кыргыз-казак чек арасынан өтүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана "Каркыра" өткөрмө бекетинин режимин сутканын күндүзгү убактысынан күнү-түнү иштөөгө өзгөртүү каралган. Мыйзам 2024-жылдын 23-октябрында Кыргызстандын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.
"Социалдык келишим" программасынын катышуучулары бизнес-долбоорлорун негизинен айыл чарба жана кайра иштетүү жаатында жазып, иштеп жатышат. Бул туурасында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. Жалпысынан алганда Кыргызстанда үч жылда 32 миңден ашуун үй-бүлө социалдык келишим түзгөн.Жыл башында 2024-жылы "Социалдык келишим" долбоорунун алкагында 20 миң үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилери, буга мамлекеттик бюджеттен 2 миллиард сом бөлүнөрү айтылган. Белгилей кетсек, "Социалдык келишим" долбоору президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен калктын турмуш-тиричилиги начар катмарына жардам көрсөтүү чараларынын бири катары 2022-жылдан бери ишке ашып келет.
Жакында ордо калаа Бишкектин жаңы башкы планы иштелип чыгат. Бул тууралуу Мамкурулуштун директорунун орун басары Талант Иманакун уулу Жогорку Кеңештин транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында билдирди. Анын айтымында, бул административдик-аймактык реформанын алкагында борбор калаанын аянты кеңейгенине байланыштуу болуп жатат. "Бишкектин жаңы башкы планын түзүп, парламенттин талкуусуна алып келебиз. Анда кайсы жерде көп кабаттуу үй, кайсы жерде жеке турак жай же дүкөн болушу керектиги так бекитилет", — деди Иманакун уулу. Эскерте кетсек, административдик-аймактык реформанын натыйжасында Бишкекке Аламүдүн жана Сокулук райондорунун айыл аймактары, айылдар, жаңы конуштар кошулган.
Президент Владимир Путин өзөктүк куралды ооздуктоо жаатындагы мамлекеттик саясаттын негиздерин бекитти. Документти Кремль жарыялады. Жарлык кол коюлган күндөн тарта, тагыраагы, 19-ноябрдан баштап күчүнө кирди.25-сентябрда Путин Коопсуздук кеңештин өзөктүк куралды ооздуктоо боюнча жыйынында өлкөнүн өзөктүк доктринасынын жаңыланышын жарыялады. Ал өзөктүк куралы жок ар бир мамлекеттин Россияга жасаган агрессиясы өзөктүк державалардын колдоосу менен алардын биргелешкен чабуулу катары караларын баса белгиледи. Ошол эле учурда Москва агрессия болгон учурда, анын ичинде душман кадимки куралды колдонуп, суверенитетке олуттуу коркунуч жаратса өзөктүк куралды колдонуу укугун өзүнө калтырат. Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков Россиянын өзөктүк доктринасындагы өзгөртүүлөр дос эмес өлкөлөргө белги экенин айтты. Ал Путиндин сөздөрүнүн олуттуулугун эси бар мамлекет башчылары мурда эле түшүнүшкөнүн белгиледи.
Жаңылыктар түрмөгү
0