00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Спички и Транспортир
Климт, Кокошка и Шиле – великое трио мирового искусства
14:05
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Көз мончок
Кыз бала үчүн... Спортто да гендердик стереотиптер барбы?
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкөдө аялдар акысыз медициналык кароодон өттү — алардан кандай оорулар аныкталды?
17:31
27 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
Великие утраты: Мамбет Мамакеев и Эрнст Акрамов, снос "хрущёвок" и Как защитить медиков и навести порядок с электросамокатами?
18:14
48 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Үстүбүздөгү жылдын 10-декабрына чейин Мамлекеттик ипотекалык компаниянын биринчи объектилери эксплуатацияга берилет. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди. Анын айтымында, учурда республика боюнча курулуп жаткан үйлөрдөгү батирлердин саны 42 миңге чейин жетет. Алгач 2200гө жакын үй-бүлө батир менен камсыздалат. Республика боюнча кезекте тургандардын саны 38 миңге жетет. "Мугалимдерге, чыгармачыл адамдарга жана дарыгерлерге батир кайсы гана даректе жайгашпасын чарчы метри 650-750 доллардан 25 жылга берилет. Бирок батирлердин баасында жайгашкан жерине карап 150-200 доллар айырма болушу мүмкүн. Үйлөр Сауд Арабиядан насыяга алынган 100 миллион доллардын эсебинен курулат", — деди ал. Туманбаев кезектин тизмесин эч ким өзгөртө албай турганын кошумчалады.
Депутат Элдар Абакиров Бишкекте көмүр жагууга тыюу салууну сунуштады. Парламенттин жыйынында эл өкүлү ыш маселесин көтөрүп, тыюу салуу абаны тазалоонун жалгыз жолу экенин айткан. "Шаардын четинде от жагылган жердин баарында дем алыш кыйын болуп калды. Ден соолугубузга терс таасир берип жатат. Өткөндө "Кыргыз газдын" өкүлү 2026-жылга чейин Бишкекти толугу менен газга өткөрөбүз деген. Демек эки жылда толугу менен өткөзүп, андан кийин көмүр, башка нерсени жакканга тыюу салууну сунуштайм. Ошол жол менен гана абаны тазалай алабыз", — деди эл өкүлү.
Тышкы иштер министрлиги Россия аймагында миграция мыйзамдарын бузуу менен жүргөн кыргызстандыктарга кайрылды. Россиянын компетенттүү органдарынын берген маалыматы боюнча, октябрга карата Кыргызстандын 71 949 жараны миграция мыйзамдарын бузуу менен, башкача айтканда, "тобокелдик зонасында" жүрөт. ТИМ бул категорияга Россиянын Ички иштер министрлигинин базасында эмгектик же жарандык-укуктук келишим түзгөндүгү, манжа изин каттоодон жана медициналык текшерүүдөн өткөндүгү, миграциялык каттоого тургандыгы жөнүндө маалыматы жок адамдар кирерин түшүндүрдү. "Бул адамдардын Россияда мыйзамдуу жүргөнүн тастыктаган документтери болсо Ички иштер министрлигинин миграция маселелери боюнча аймактык бөлүмдөрүнө кайрылып, тиешелүү маалымат базасына киргизип "тобокелдик зонасынан" чыгууга аракет көрүшү керек", — деп айтылат маалыматта.
АКШ Украинага миллиарддаган аскердик жардамды өзүнүн арсеналын модернизациялоо үчүн пайдаланууда. Киевге ATACMS ракеталарынын жарактуу мөөнөтү кийинки жылы аягына чыга тургандары жөнөтүлүп жатат. Мындай жыйынтыкка РИА Новости америкалык аскердик бюджетти анализдөөдөн кийин келген. Талдоонун жыйынтыгы ATACMS ракеталары АКШ арсеналындагы эски техника экенин көрсөткөн, алардын Киевге жөнөтүлүшү Вашингтонго өз арсеналын жаңылап алууга мүмкүнчүлүк берет. Курал-жарактын көбүнүн мөөнөтү жакын арада бүтө тургандыктан мындай кадам Пентагондун жүгүн кыйла жеңилдетери айтылган. Макалада Америка бийлиги жаңы шайланган президент Дональд Трамп кызматына киришкиче, башкача айтканда, 2025-жылдын 20-январына чейин калган 5,5 миллиард долларлык жардамды берип бүтүүгө аракет кылып жатканы жазылат. Буга чейин Трамп Ак үйгө келгенден кийин колдоо көрсөтүүнүн азыркы механизмдерин кайрадан карап чыгарын билдирген. Бул Вашингтон менен Киевдин мамилесин өзгөртүп жибериши ыктымал.
Жаңылыктар түрмөгү
0