БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Бакен Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театры "Жардам берүү оңой" коомдук фонду менен биргеликте беш күн бою "Письма-самолётики" деп аталган спектакль коёт. Бул туурасында аталган театрдын директору Жолдошбек Жанжигит уулу билдирди.
Анын айтымында, спектаклде айыккыс илдетке кабылган баланын тагдыры чагылдырылат.
Кайрымдуулук спектакли 20-февралдан 24үнө чейин күн сайын жаш көрүүчүлөр театрында көрсөтүлөт. Саат 19.00дө башталмакчы. Түшкөн каражаттын баары Кыргызстандагы онкологиялык оорудан жапа чеккен балдарга жардам иретинде берилет.