Кендеги коррупциянын тамыры кыйылабы? Жээнбековдун тапшырмасы

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПервая пресс-конференция президента Сооронбая Жээнбекова по итогам 2018 года
Первая пресс-конференция президента Сооронбая Жээнбекова по итогам 2018 года  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик органдар кендерди иштетүү, лицензия берүү жаатындагы коррупциялык иштерге бөгөт коюу жана экологияны коргоо боюнча бир нече тапшырмаларды алышты.

БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков 30-январда өткөн Коопсуздук кеңешинин "Кыргыз Республикасынын жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө" чечимине кол койду. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Анда Кыргызстан келечекте бул чөйрөдөгү мүмкүнчүлүктөрүн жоготуп алуу коркунучунда турганы, мындай жагдай экономиканын өнүгүшүн артка тартаары белгиленген.

"Өлкөнүн 18 миңден ашык жараны кен казуу жаатында иштейт. Бул тармактан бюджетке дээрлик 12 миллиард сом түшөт. 2017-жылы кен казуу ишканаларынан салыктык жана салыктык эмес келип түшүүлөр 9 миллиард 861 миллион сомдон ашкан. Ал эми 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча 10 миллиард 797 миллион сом болгон", — деп айтылат маалыматта.

Коопсуздук кеңешинде төмөндөгүдөй чечимдер кабыл алынган:

1. Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин (ӨЭЖПМК) төрагасы, башкы прокурор жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө коопсуздукту камсыз кылуу боюнча маалыматы көңүлгө алынсын.

Алтын кен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Президентти ызаланткан 41 "алтын" лицензиянын ээси аныкталды
2. ӨЭЖПМК тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер канааттандырарлык эмес деп табылсын.

3. Жогорку Кеңешке мыйзам чыгаруу ишин жүргүзүүдө жер казынасын пайдалануу жана кен байлыктарды коргоо чөйрөсүндөгү улуттук коопсуздукту камсыз кылуу максатында иштелип чыккан жана демилгеленген мыйзам актыларынын долбоорлорун артыкчылыктуу тартипте карап чыгуу сунушталсын.

4. Өкмөт жасай турган иштер:

— Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин (ӨЭЖПМК) башчыларынын, анын ичинде орто жана кенже звенонун жетекчилеринин жоопкерчилигин карап чыксын;

— 2019-жылдын 1-мартына чейин Кен казуу тармагын өнүктүрүү жана жер казынасын коргоо боюнча концепцияны иштеп чыгып бекитсин;

— жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө саясатты аныктоо жана аны ишке ашыруу функцияларын бөлүштүрүүнүн ылайыктуулугун карап чыксын;

— жергиликтүү башкаруу органдары менен өз ара аракеттенсин;

Алтын куймасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бир күндө 19 лицензия алган. Алтын кендерин басып жаткан Жумаевдин таржымакалы
— Кыргызстандагы бардык зыяндуу калдык сактоочу жайлардын, анын ичинде радиоактивдүү, уулуу жана пайдалуу кендерди байытуунун башка калдыктарын сактоочу жайлардын толук инвентаризациясын жүргүзсүн;

— авариялык абалда турган же экологиялык жана техникалык коопсуздуктун талаптарына жооп бербеген зыяндуу калдык сактоочу жайларды Өзгөчө кырдаалдар министрлигине кайтарып берүү жана анын балансына коюу боюнча чараларды көрсүн;

— зыяндуу калдык сактагычтарды кийин иштетүү жана күтүү максатында жеке адамдарга өткөрүп берүүгө тыюу салсын;

5. Башкы прокуратура жүргүзө турган иштер:

— 28-февралга чейин жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө козголгон бардык кылмыш иштери инвентаризацияласын, тергөөнүн мөөнөттөрүн негизсиз токтотуунун, кыскартуунун жана создуктуруунун себептерин аныктасын.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Лицензия чыры: жетекчи сөгүш алып, орун басарлары иштен кетти
— алтындын запастары бар кендерге берилген лицензиялардын мыйзамдуулугун текшерүү үчүн Башкы прокуратура, КР өкмөтүнүн аппараты, Ички иштер министрлиги, УКМК жана Финполдун кызматкерлеринен ведомстволор аралык жумушчу топ түзсүн.

Ушул чечимдерди ишке ашырууга милдеттендирилген органдар квартал сайын аткарылып жаткан иштери тууралуу Коопсуздук кеңешинин катчылыгына маалымат берип турушу шарт. Чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө Коопсуздук кеңешинин катчылыгына жана Президентик аппараттын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнө жүктөлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0