БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. FIFA уюмунун турнирдин жыйынтыгы боюнча макаласында Кыргызстандын курама командасынын Азия кубогундагы дебюту мыкты болгону жазылган.
Командалардын 16дан 24кө чейинкиси өтө ашыкча эле созулган процесс эмес, ал эми Вьетнам, Оман же дебютант болгон кыргызстандыктар үчүн бул өзгөчө бурулуш учур катары эстелип калмакчы деп белгиленген.
Материалда андан ары ар бир 24 команда, анын ичинен кыргызстандыктар туурасында да айтылат.
"Кыргыз Республикасы континенттик деңгээлде сонун дебютер болду. Алар Кытайга 2:1 менен жеңилип баштаган. Бирок Виталий Люкс Филиппиндер менен беттеште хет-трик жасады (3:1). Андан соң борборазиялыктар Бириккен Араб Эмирлигинин курама командасына жакшы беттеш көрсөттү", — деп белгилеген FIFA.
Ал эми спорт боюнча ири телеканал FOX Sports Asia Кыргызстандын курама командасынын чабуулчусу Виталий Люкстун голун Азия кубогунун мыкты ондугуна киргизди.