БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Чүйдүн Аламүдүн районунун Ленин айылынын четинде жайгашкан көлмөдөгү муз үстүндө ойноп жатып сууга түшүп кеткен баланы куткаруучулар кантип сактап калганын ӨКМ айтып берди.
© Видео / МЧС КРЧүйдүн Аламүдүн районунун Ленин айылынын четинде жайгашкан көлмөдөгү муз үстүндө ойноп жатып сууга түшүп кеткен баланы куткаруу
Чүйдүн Аламүдүн районунун Ленин айылынын четинде жайгашкан көлмөдөгү муз үстүндө ойноп жатып сууга түшүп кеткен баланы куткаруу
© Видео / МЧС КР
Куткаруучулар маалымат түшөрү менен 5 мүнөт ичинде келишкен. Окуя 31-январда түштөн кийин болгон.
"Бала жээктен 15-20 метр аралыкта суу ичинде музду кармап турган. Куткаруучулар аркан байланып, муздун үстү менен барып балага аркан ыргытып, тартып чыгышкан", — деп айтылат маалыматта.
Учурда баланын абалы туруктуу.