00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
9 мин
Тема дня
От Победы до Нюрнберга: уроки истории, которые нельзя забывать
18:11
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Спортбокс
2026-жылы Кыргызстандын футбол боюнча Жогорку лигасында 16 команда ойнойт
19:07
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
8 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Жерге кам көрүп, түшүмдү мол ал — жер семирткичти кайсы убакта берген дурус?
21:04
50 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

70 миң сом утуп алгың келеби? Социалдык сынактын жол-жобосу

© Sputnik / Табылды КадырбековВидеокамера кармап турган адам. Архив
Видеокамера кармап турган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сынакка кыргызстандык жаштар гана катыша алат.

БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Жаштар арасында социалдык видеороликтердин сынагы өтө турганын Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин маалымат кызматы кабарлады.

Китеп жана калем сап. Архив - Sputnik Кыргызстан
Калемиң курчпу? Тил комиссиясы мыкты чыгармаларга сынак жарыялады
Маалыматка ылайык, сынактын максаты — жаштарды социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө тартуу жана алардын чыгармачылык, атуулдук активдүүлүгүн күчөтүү.

Конкурска Кыргызстандын 14 жаштан 28 жашка чейинки жарандары катыша алат.

Ар бир катышуучу конкурстун тематикасына ылайык болгон бирден гана видеоролик тапшырышы шарт.

Конкурс төмөнкү багыттар боюнча өткөрүлөт:

  • үй-бүлөлүк баалуулуктарды бекемдөө жана өнүктүрүү;
  • маанилүү социалдык институт катары заманбап үй-бүлөнүн беделин жогорулатуу (балдарга карата зомбулукту жана жашы жете электердин арасындагы эрте никеге туруунун алдын алуу);
  • экологиялык маданияттуулукту жана экологиялык аң-сезимди калыптандыруу;
  • ыктыярчылык кыймыл.

Конкурстук эмгектерди кабыл алуу 15-мартта аяктайт.

Конкурстук иштер Мамагенттиктин коомчулук менен байланыш бөлүмүндө электрондук форматта Бишкек шаары, Тоголок Молдо көчөсү, 17 дареги боюнча же sport.gov.kg@gmail.com электрондук дарегинде кабыл алынат.

Конкурстун жеңүүчүлөрү упайлардын саны аркылуу аныкталып, эң көп балл чогулткандар грамота жана акчалай сыйлыкка ээ болушат:

  • 1 орун – 70 миң сом;
  • 2 орун – 50 миң сом;
  • 3 орун – 35 миң сом;
  • 4 орун – 25 миң сом;
  • 5 орун – 20 миң сом.

Кошумча маалымат менен шилтемеси аркылуу таанышсаңыздар болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0