Бейшембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

БИШКЕК, 23-янв.— Sputnik. Бейшемби күнү, 24-январда, өлкө боюнча кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жете турганын Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүйдө +2…+7, Талас өрөөнүндө 0…+5 градус, Ош, Баткен жана Жалал-Абад жергесинде +2…+7 градус, Ысык-Көл облусунда —2…+3, Нарын аймагында —5…-10 градус суук болору айтылды.

Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт, абанын температурасы Бишкекте +4…+6, Ошто +3…+5 градус жылуу болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0