Путиндин эл биле элек жагдайлары айтылды. Ачуусу, жан сакчысы жана жеке турмушу

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүЕжегодная большая пресс-конференция президента РФ Владимира Путина
Ежегодная большая пресс-конференция президента РФ Владимира Путина - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Владимир Путин жыйын учурунда тамаша иретинде аткаминерлерге сөгүнүп көргүлөчү деген сунушун айткан. Залдан эч ким дааган эмес.

БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Россия лидери Владимир Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков "АиФ" басылмасына берген маегинде призидент туурасында элге көп белгилүү боло бербеген жагдайларды айтып берди. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Журналисттер адегенде эле лидердин жеке турмушу, анын бойдоктугу президенттин ишине таасир берер-бербесин сураган.

"Путин бул туурасында өтө көп деле ойлонбосо керек. Мен эми буга кызыгып, сурай бергенге акым деле жок. Анын бойдоктугу же жалгыз эместиги президенттик ишине таасирин деле тийгизбейт", — деп жооп берген.

Россия лидеринин жеке турмушу боюнча суроолор дүйнө коомчулугун ар дайым кызыктырып келет. Ал маалымат жыйынын өткөргөн учурда да бул собол берилгенде, абийир-парасаттуу адам катары качандыр бир кезде үйлөнүшүм керек деп айтканы бар.

Эс алуусу тууралуу

Песков журналисттин Путиндин сөгүнүп, урушабы деген суроосуна төмөнкүчө жооп берген.

"Бул суроону жоопсуз калтырайынчы. Айтаарым, ал башка кадимки эле эркек кишилер сыяктуу кимдир бирөөгө же кайсы бир процесске өзүнүн терс мамилесин көрсөтөт. Андай учурда жан көзгө көрүнөт", —деген маалымат катчы.

Путин бышактаган кызды кучактап, сооротуп, сүрөткө түшкөн видео - Sputnik Кыргызстан
Путин бышактаган кызды кучактап, сооротуп, сүрөткө түшкөн видео
Песков түнкү саат 10-11лер Кремлде иш кайнап жаткан учур болот деген маалыматты айткан.

"Жөнөкөй киши аптанын аягын, бешинчи күндү кадимкидей күтөт эмеспи. Ал эми Путин мындай түшүнүктөн алыс, себеби анын дем алыш күндөрү жок. Албетте, дүйшөмбү жекшембиден айырмаланат дечи, бирок мунун баары жагдайга жараша болот. Өлкөнү башкаруу мештеги отту өчүрбөй жагып туруу сыяктуу эле нерсе. Түнкү саат 10-11лерди Кремлде иштин кайнап жаткан учуру деп билиңиз", — деген ал.

Жан сакчысыз жүрө алабы?

Журналисттер Путин эч кимге айтпай, кайсы бир жакка өз алдынча чыгып кете алабы деген суроо узаткан.

"Россия лидеринин жан сакчысыз башка бир жактарга чыгып кетиши мындай заманда эч мүмкүн эмес го", — деген Песков.

Путиндин ташка тамга баскандай сүйлөгөнү, тамашасы, ар кандай кырдаалдан сөз менен чыгып кеткени баарына белгилүү жана бул анын көптөрдү суктанткан сапаты.

Журналисттер Россия лидеринин чечендик өнөр боюнча башкалардан сабак алган-албаганын да сурашкан.

Песков буга өзүнүн тажрыйбасы жетиштүү го деген маанайда жооп берип, кимдир бирөөдөн окугандыгын укпаптырмын деген жообун айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0