00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:05
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Антикоррупция как навык: в Кыргызстане начали готовить новое поколение чиновников
08:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Өлкө аймагында табигый кооптуу деп эсептелген 11388 тилке бар. Табият кырсыктарын алдын алуу тууралуу маек
09:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Личный интерес
Акция «Сады памяти» в Бишкеке превращает деревья в живые символы истории
10:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Улуттук баалуулуктарды сактоонун жолу. Бишкекте Салттуу музыка жумалыгы өтүүдө
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстанда экологиялык мониторинг жаңы деңгээлге чыкты — Жаратылыш министрлигинин лабораториялары жаңы стандарттар менен иштейт
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Салык декларациясы: ким милдеттүү, ким ыктыярдуу жана эмне өзгөрдү?
15:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Санариптик активдердин жанданышы менен Кыргызстанда брокерлике талап күчөйбү?
17:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
«Максатыбыз эненин ыйык экенин көрсөтүү эле». «Куса» моно спектакли тууралуу маек
19:06
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Салык декларациясы: ким милдеттүү, ким ыктыярдуу жана эмне өзгөрдү?
21:04
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

"Кырк чоронун" активисттери кытай жумушчуларынын документин текшерди

© Фото / пресс-служба Госэкотехинспекция КРРазрушение курганного могильника Кара-Балта (VI-III)
Разрушение курганного могильника Кара-Балта (VI-III) - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Активисттер Миграция кызматынын өкүлдөрү менен биргеликте Кара-Балтадагы "Жунда" заводунда иштеген кытайлык жумушчулардын паспортун, уруксат кагаздарын, визасын текшеришти.

БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Мамлекеттик миграция кызматы жарандык активисттер менен биргеликте чет өлкөлүк жарандар иштеген ишканаларды кыдырып келди. Бул тууралуу аталган кызматтан кабарлашты.

Билдирмеге караганда, тийиштүү өкүлдөр Чүй облусундагы чет элдик жарандар иштеген эки ишканага барышкан.

"Делегация Кара-Балта шаарындагы нефтини кайра иштетүүчү "Жунда" заводуна барды. Ишкананын аткаруучу директору Алтынбек Садырбаевдин айтымында, заводдо миңге чукул адам эмгектенет. Алардын 300ү кытайлык, 600дөн ашыгы кыргызстандыктар. Чет элдик жумушчулардын бардыгынын тийиштүү документтери бар экени белгиленди", — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстандын желегин кармаган Кытай жарандары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Боронов акыркы 9 жылда Кытайдын канча жараны КР жарандыгын алганын айтты
"Кырк чоро" коомдук кыймылынын активисттери Миграция кызматынын өкүлдөрү менен биргеликте документтерди текшерүү ишине катышкан.

"Активисттер заводдо эреже бузуулар жок экенине ынанышты", — деп белгиленет маалыматта.

Ошондой эле Мамлекеттик миграция кызматынын чет өлкөлүк жарандар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Бактыбек Кудайбердиев чет өлкөлүк жарандардын өлкө аймагында жүрүүсүнө киргизиле турчу жаңы эрежелер тууралуу да айтып берген.

"Биз тараптан жергиликтүү жана чет өлкөлүк жумушчулардын катышы 80 жана 20 пайызды түзгүдөй мыйзамдык актылар даярдалып жатат. Ошондой эле ар бир чет өлкөлүк жумушчу үчүн иш берүүчүлөр Социалдык фондго которгон каражаттын суммасы жогорулатылат. Биздин божомол боюнча анын негизинде казынага кошумча 200 миллион сомдой түшөт", — деди Кудайбердиев.

Россиянын миграция кызматынын кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Россияда 10 млн. мигрант иштейт, алардын канчасы мыйзамсыз жүргөнү айтылды
Аткаминерлер менен активисттер мындан башка Шопоков шаарындагы металл буюмдарын чыгарган "Лахор Стил Милс" кыргыз-пакистан ишканасына барышкан. Анда 120 адам эмгектенсе, 80и — кыргызстандыктар. Компаниянын менеджери Роми Мухаммад бардык чет өлкөлүк жумушчулардын тизмесин көрсөтүп берген.

Ошондой эле Сокулук райондук ооруканасына наркы 40 миң долларлык кардиоэхограмма сатып берилгенин айтып, медикаменттер үчүн каражат бөлүнгөнүн кошумчалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0