00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
55 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:04
48 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
3 мин
Жаңылыктар
17:30
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Президент менен премьерге кимдер акыл айтат? Бийлик башчыларынын кеңешчилери

© Sputnik / Табылды КадырбековПразднование 27-летия независимости Кыргызстана в Бишкеке
Празднование 27-летия независимости Кыргызстана в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан агенттиги президент менен премьер-министрге кандай адамдар кеңеш берерине жана алар буга чейин кайсы кызматтарда иштегенине кызыгып көрдү.

"Вазир жакшы — хан жакшы, аял жакшы — эр жакшы" дегендей, бийлик башчыларынын көп жумушу алардын кеңешчилеринен көз каранды эмеспи. Кеңешчилер адатта эл көзүнөн оолак болот, көрүнбөйт, көмүскөдө. Анткен менен өлкөнү башкарууга тымызын таасири бир топ.

Sputnik Кыргызстан агенттиги президент менен премьер-министрге кандай адамдар акыл айтарына жана алар буга чейин кайсы кызматтарда иштегенине кызыгып көрдү.

Ушу тапта өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдун да, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин да үчтөн кеңешчиси бар.

Президенттин кеңешчилери

Муратбек Шайымкулов 

© Пресс-служба правительства КРМуратбек Шайымкулов 58 жашта
Президент менен премьерге кимдер акыл айтат? Бийлик башчыларынын кеңешчилери - Sputnik Кыргызстан
Муратбек Шайымкулов 58 жашта

Муратбек Шайымкулов 58 жашта. Президенттин кеңешчиси болуп 2017-жылдын 27-ноябрында дайындалган. Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Ылай-Талаа айылында төрөлгөн.

Премьер-министрликке талапке Мухамметкалый Абулгазиевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Ата-энеси, балдары жана жубайы... Мухаммедкалый Абулгазиев тууралуу 7 факты
Шайымкулов Москва мамлекеттик университетин жана АКШнын Вашингтон шаарындагы Экономикалык өнүгүү институтунан прикладдык математика, базар экономикасынын негиздери адистиги боюнча билим алган. Физика-математика илимдеринин кандидаты.

Эмгек жолун Москва мамлекеттик университетинде аспирант болуп баштап, саясатка 2000-жылдары келген. Жогорку Кеңеш, Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасынын кеңешчиси болгон. 2012-жылдан 2015-жылга чейин Жогорку Кеңештин төрагасынын кеңешчиси болгон. Ал учурда парламентти Асылбек Жээнбеков башкарчу.

2016-жылы өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековго кеңешчи болуп иштеп, президенттик шайлоодон кийин өлкө башчынын акыл айтаар кишиси болуп калган.

Айбек Азыранкулов 

© Фото / пресс-служба ЖК КРАйбек Азыранкулов 40 жашта
Президент менен премьерге кимдер акыл айтат? Бийлик башчыларынын кеңешчилери - Sputnik Кыргызстан
Айбек Азыранкулов 40 жашта

Айбек Азыранкулов 40 жашта. Президентке кеңешчи болуп 2018-жылдын апрель айында келген. Чүй облусунун Панфилов районундагы Чалдовар айылында туулган. Билими боюнча психолог. Бишкек гуманитардык университетинин психолог-практик адистигин аяктаган.

2009-жылы ЖК депутаты, 2010-жылы апрель окуясынын кийин Чүй облусунун губернатору болуп дайындалган. Үч жыл иштегенден кийин эмгек, миграция жана жаштар министри болгон. Ачык булактарга таянсак, Азыранкулов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин өкүл баласы.

Дастан Догоев

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезиденттин кеңешчилеринин эң жашы Дастан Догоев 33 жашта
Президент менен премьерге кимдер акыл айтат? Бийлик башчыларынын кеңешчилери - Sputnik Кыргызстан
Президенттин кеңешчилеринин эң жашы Дастан Догоев 33 жашта
Президенттин кеңешчилеринин эң жашы Дастан Догоев 33 жашта. Өлкө башчынын коомдук башталгычтагы кеңешчиси. Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында төрөлгөн.

Догоев Лондон Кавендиш колледжинде бизнести башкаруу жана Кингстон университетинин бизнести башкаруу адистигинин бакалавр бөлүмүн бүтүргөн. Президенттин кеңешчиси болуп иштегенге чейин Мамлекеттик каттоо кызматын башкарчу.

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин кеңешчилери

Бакыт Калмуратов 

© Пресс-служба правительства КРБакыт Калмуратов 32 жашта
Президент менен премьерге кимдер акыл айтат? Бийлик башчыларынын кеңешчилери - Sputnik Кыргызстан
Бакыт Калмуратов 32 жашта

Бакыт Калмуратов 32 жашта. Өкмөттө камсыздоо бөлүмүн жетектейт. Өкмөт башчынын кеңешчиси болуп 2018-жылдын март айында дайындалган. Калмуратов Нарын облусунун Нарын шаарында төрөлгөн. Эл аралык университеттин экономика жана бизнес мектебинин менеджмент бөлүмүн аяктаган. Андан соң Президенттин алдындагы башкаруу академиясынын муниципалдык башкаруу факультетин бүтүргөн.

Эмгек жолун Соцфонддо пенсия дайындоо бөлүмүндө аткаруу адиси болуп баштап, 2017-жылга чейин аталган фонддо ар кандай кызматтарды аркалап келген. 2017-жылы биринчи вице-премьердин (Абылгазиев) кеңешчиси, 2018-жылдын март айынан апрель айына чейин президенттин аппарат жетекчисинин (Абылгазиев) жардамчысы болуп иштеп, 2018-жылы өкмөт башчынын кеңешчиси болуп дайындалган. Эки кыздын атасы.

Азамат Мукашев 

© Sputnik / Табылды КадырбековАзамат Мукашев 55 жашта
Президент менен премьерге кимдер акыл айтат? Бийлик башчыларынын кеңешчилери - Sputnik Кыргызстан
Азамат Мукашев 55 жашта

Азамат Мукашев 55 жашта. Премьер-министрдин айыл чарба өндүрүш комплекси жана экология маселелери боюнча кеңешчиси. Скрябин атындагы айыл чарба институтунун агроном адистигин аяктаган. Андан соң Украинадагы бүткүл дүйнөлүк генетикалык-селекциондук институттун аспирантура бөлүмүн бүтүргөн. Ошондой эле Эл аралык университеттин экономика жана бизнес факультетинде магистратурада билим алган. Аймактарда айыл чарба, экономиканы өнүктүрүү боюнча эксперт, айыл чарба өндүрүш тармагында аймактарды өнүктүрүү боюнча эл аралык долбоорлор менен иштеген.

Эдуард Турдалиев 

Эдуард Турдалиев 37 жашта. Ысык-Көл облусунда төрөлгөн.

Первая пресс-конференция президента Сооронбая Жээнбекова по итогам 2018 года - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков кудалары менен мамилеси жана бир туугандары жөнүндө айтып берди
КМШ, Борбордук жана Чыгыш Европа боюнча Microsoft компаниясында консалтинг жана техникалык колдоо жетекчилер кеңешинин мүчөсү болуп иштеген. Мындан тышкары, санарип технологиясы боюнча ар кандай эл аралык уюмдарда кызмат өтөгөн. Мамлекеттик кызматка 2018-жылдын башында өкмөттү Сапар Исаков башкарып турган убакта келип, премьер-министрдин аппаратынын жетекчисинин орун басары болуп дайындалган. Учурда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин кеңешчиси.

Эске салсак, буга чейинки премьер-министр Сапар Исаковдун 11 кеңешчиси бар болчу

Жаңылыктар түрмөгү
0