Сапар Исаковго кимдер акыл айтат. Премьердин 11 кеңешчисинин милдеттери

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевНазначение директора Агентства по продвижению и защите инвестиций КР
Назначение директора Агентства по продвижению и защите инвестиций КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Таттугүл Мамбеталиева 10-январда премьер-министр Сапар Исаковдун кеңешчиси болуп дайындалды. Ушуну менен өкмөт башчыга кеп-кеңеш берип турчу адамдардын саны 11ге жетти. Алардын бешөө кеңешчи болуп иштесе, калган алтоо коомдук башталгычтагы кеңешчи.

БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Өкмөт башчынын сегиз кеңешчиси ар кандай тармактар боюнча чет өлкөдөн билим алып келгендер. Ал эми жаш курагы боюнча эң кичүүсү 27де болсо, улуусу 65 жашта. Sputnik Кыргызстан агенттиги премьер-министрге кандай адамдар кеңеш берерине жана ар бири кандай жумуштардын үстүндө иштей турганына кызыгып көрдү.

Премьер-министрдин кеңешчилери:

1. Талант Султанов 40 жашта. Премьер-министрдин "Таза коом" долбоорунун жумушчу тобун кординациялоо боюнча кеңешчиси. 

Гарвард университетинин кесипкөй билим программасынын бүтүрүүчүсү. Сан-Франциско университетинде бакалавр даражасына жана Колумбия университетинде финансы боюнча магистр даражасына ээ болгон. Дүйнөлүк банктын Вашингтондогу штаб-квартирасында жана Алматы шаарындагы Борбор Азия боюнча кеңсесинде эмгектенген. 4-сентябрда премьер-министр Сапар Исаков Талант Султановду өзүнө кеңешчи кылып бекитүү туурасындагы жарлыкка кол койгон.

2. Гүлнур Төралиева 33 жашта. Өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмү боюнча кеңешчи. "Ачык маалымат", "Ачык өкмөт" долбоорлору менен иштөө жана жүзөгө ашыруу, коомчулук менен байланыш, эл аралык жана бейөкмөт уюмдар, коомдук жана байкоочу кеңештер менен иш алып барат. 

© Фото / предоставлено Гульнурой ТоралиевойГүлнур Төралиева
Назначенная советником премьер-министра КР Гульнура Торалиева - Sputnik Кыргызстан
Гүлнур Төралиева

Кыргыз-орус славян университетинин эл аралык мамилелер факультетин аяктаган. Лондондун (Улуу Британия) Сити университетинен да билим алган. Россиянын Илимдер академиясында филология илимдеринин кандидаты болгон. 500дөн ашуун илимий жана журналисттик макалалардын жана журналистика тармагында окуу китептеринин автору. 2017-жылдын август айында өкмөттүн маалымат кызматынын жетекчиси болуп дайындалып, 16-ноябрдан тарта өкмөт башчынын кеңешчиси кызматын аркалай баштады.

3. Мурад Омоев 39 жашта. Премьер-минстрдин мониторинг, бюджеттин аткарылышынын жыйынтыгын баалоо жана фискалдык саясат маселелери боюнча кеңешчиси. Ошондой эле бюджеттик саясаттын координациясын жакшыртуу боюнча иш алып барат. 

АКШнын Айова штатындагы Graceland College окуу жайынан экономика адистигин бүтүргөн. Нью-Йорктогу Колумбия университетинин магистратура бөлүмүндө окуп, Дүйнөлүк банктан тажрыйба алган. 9-ноябрдан бери өкмөт башчынын кеңешчиси болуп иштейт.

4. Калыкбек Султанов 62 жашта. Премьер-министрдин транспорт жана курулуш сектору боюнча кеңешчиси. Ошондой эле Түндүк — Түштүк альтернативалык жолунун курулушу боюнча иш алып барат. 

© пресс-служба ЖК КРКалыкбек Султанов
Советник президента КР Калыкбек Султанов - Sputnik Кыргызстан
Калыкбек Султанов

Фрунзе политехникалык институтунун "инженер-экономист" адистигин аяктаган. "Авангард-Стиль" курулуш компаниясынын башкы директору болгон. 2011-2015 –жылдары транспорт жана коммуникация министри кызматын аркалаган. 2017-жылдын августуна чейин экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси болгон. 2018-жылдын 9-январынан тарта өкмөт башчынын кеңешчиси болуп дайындалды.

5. Токон Мамытов 65 жашта. Өкмөт башчынын чек ара жана регионалдык коопсуздук маселелер боюнча кеңешчиси. 

© Sputnik / Данияр СандыбаевТокон Мамытов
Председатель Ассамблеи народа Кыргызстана Токон Мамытов - Sputnik Кыргызстан
Токон Мамытов

Пржевальск педагогикалык институтунан билим алган. Минск шаарындагы СССРдин КГБсынын жогорку курсунда окуган. Андропов атындагы СССР КГБсынын Кызыл Туулуу институтун аяктаган. Саясат таануу илимдеринин доктору, генерал-лейтенант. 2016-жылдын апрель айынан бери Кыргызстан элинин ассамблеясынын төрагасы болуп эмгектенет. 2016-жылдын май айында мурдагы өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун кеңешчиси болгон.

Коомдук башталгычтагы кеңешчилери:

1. Бермет Турсункулова 42 жашта. Премьер-министрдин социалдык маселелер, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштуруу жана өткөрүү, ошондой эле "Таза коом" долбоорун ишке ашыруу боюнча коомдук башталгычтагы кеңешчиси. 

© Sputnik / Табылды КадырбековБермет Турсункулова
Советник премьер-министра КР Сапара Исакова Бермет Турсункулова - Sputnik Кыргызстан
Бермет Турсункулова

Кыргызстан эл аралык университетинин бүтүрүүчүсү. Венгриянын борбору Будапешт шаарындагы Борбордук Европа университетинде магистратураны аяктаган. Доцент, саясий илимдердин кандидаты, билим берүүнүн отличниги. Англис, француз, түрк жана венгер тилдерин билет. Өткөн жылдын сентябрында өкмөт башчыга коомдук башталгычтагы кеңешчи болуп дайындалган.

2. Эсенкул Момункулов 40 жашта. Премьер-министрдин бизнести колдоо, инвестицияларды илгерилетүү жана жумушчу орундарын түзүү боюнча коомдук башталгычтагы кеңешчиси. 

Германиядагы Гейдельберг университетин аяктап, Миннесота (АКШ) университетинин илимий изилдөөчүсү болгон. Буга чейин өкмөттүн аппаратынын аймактык башкаруу жана уюштуруучулук-инспектордук бөлүмүнүн эксперти болуп иштеген. КР президентинин аппаратындагы кадр иштери, аны менен катар эле мамлекеттик жана аймактык башкаруу боюнча инспектору болуп эмгектенген. Өткөн жылдын 4-сентябрынан тарта премьер-минстрдин коомдук башталгычтагы кеңешчиси.

3. Назик Бейшеналы 39 жашта. Премьер-министрдин "Жаңы доорго кырк кадам" долбоорун жүзөгө ашыруу боюнча коомдук башталгычтагы кеңешчиси. Тагыраак айтканда "Аймактык кооперативдик агрардык-өнөржай комплексин түзүү" деп аталган 21-кадамдын үстүндө иштейт. 

Кыргызстан кооперативдер союзунун президенти. Стратегиялык изилдөөлөр боюнча улуттук институттун директорунун биринчи орун басары болуп иштеген. КР президентинин алдындагы башкаруу академиясынын эл аралык кызматташтык жана изилдөө боюнча проректору. Учурда Англиянын Оксфорд университетинде "мамлекеттик саясат" багыты боюнча окуп жатат. Экономика илимдеринин доктору. 2017-жылдын 19-сентябрынан тарта премьер-министрдин коомдук башталгычтагы кеңешиси болуп дайындалган.

4. Юлия Калиниченко 27 жашта. Өкмөт башчынын "Жаңы доорго кырк кадам" долбоорун жүзөгө ашыруу боюнча коомдук башталгычтагы кеңешчиси. Тагыраак айтканда "Тең мүмкүнчүлүктөр — коомдун өнүгүүсүнүн негизи" деп аталган 28-кадамдын үстүндө иштейт. 

© Sputnik / Табылды КадырбековЮлия Калиниченко
Советник премьер-министра КР Сапара Исакова 26-летняя Юлия Калиниченко - Sputnik Кыргызстан
Юлия Калиниченко

Борбор Азиядагы Америка университетинин бүтүрүүчүсү. Венгриянын борбору Будапешт шаарындагы Борбордук Европа университетинде европа тануу жана эл аралык мамилелер адистиги боюнча магистратурада окуган. 2017-жылдын 7-сентябрында премьер-министрдин коомдук башталгычтагы кеңешчиси болуп дайындалган.

5. Алексей Коротеев 64 жашта. Өкмөт башчыга жүрөк-кан тамыр ооруларына медициналык жардам берүү жана аны өнүктүрүү боюнча кеп-кеңеш берип турат. 

И.М. Соченов атындагы Москва медициналык институтун аяктаган. Россиялык белгилүү кардиохирург, медицина илимдеринин доктору, профессор. Иш тажрыйбасында жүрөккө эки миңдей операция жасаган. Көптөгөн жылдар бою Россиянын Б.В.Петровский атындагы илимий хирургия борборунда эмгектенет. Өткөн жылдын 2-октябрынан тарта Исаковдун коомдук башталгычтагы кеңешчиси.

6. Таттугүл Мамбеталиева 47 жашта. Премьер-министрдин "Таза коом" долбоорун ишке ашыруу боюнча коомдук башталгычтагы кеңешчиси. Мындан сырткары "Жаңы доорго кырк кадам" программасынын алкагында жасалган бардык реформалардын нормативдик-укуктук базасын карайт. 

Саясат жана мыйзам чыгаруу жаатында маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча эксперт. "Интернет саясаты жарандык демилге" коомдук фондусунун директору болуп иштейт. 10-январда премьер-министрге коомдук башталыштагы кеңешчи болуп дайындалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0