БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Кыргызстандагы уюлдук байланыш операторлору Монополияга каршы күрөшүү агенттигинин эскертүүсүнө ылайык, тармактан тышкаркы чалуулардын баасын арзандатты. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Аталган компаниялар тармактан тышкаркы чалуулардын баасын жогорулатып алышкан. Уюлдук операторлорго бул чекиликти 2018-жылдын 21-декабрына чейин жоюу тапшырылган.
"Берилген эскертүү белгиленген мөөнөттө аткарылды. Компаниялар тармактар аралык байланыштын коюмун 2019-жылдын 1-январынан тарта иштеп жаткан коюмдардан 14 пайызга азайтуу жана ар жарым жыл сайын 50 тыйынга арзандатуу жөнүндө келишимге кол коюшту", — деп айтылат маалыматта.
Монополияга каршы күрөшүү агенттиги ошондой эле тармактар ортосундагы чалуулар үчүн белгиленген коюмдун төмөндөшү абоненттер үчүн пайдалуу болорун кошумчалады.