Мэрия: Бишкекте өзүм билемдик менен коюлган объектилер алынууда

Жазылуу
"Ала-Тоо" аянтында эки күч сынагыч, эки фотобудка жана компьютердик 3D аттракциондор алынды.

БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Бишкектеги мыйзамсыз коюлган объектилерди алып салуу уланууда. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттин маалымат кызматы кабарлады.

Бишкектин мэри Азиз Суракматов маек учрунда - Sputnik Кыргызстан
Бишкекти кантип кулпуртса болот? Жаңы мэр Азиз Суракматов менен маек
Билдирүүгө ылайык, 5-январда мэриянын жерди пайдалануу жана курулуш башкармалыгы "Ала-Тоо" аянтында рейд өткөрүп, эки күч сынагыч, эки фотобудка жана компьютердик 3D аттракциондор алынып, бир катар мыйзамсыз соодагерлердин ишмердүүлүгү токтотулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0