Тагыраагы, үстүбүздөгү жылдын 24-ноябрында Тоң райондук аймактык ооруканасына шымынын чөнтөгүндөгү телефону жарылып, төшү, ичи, алаасы күйгөн 14 жаштагы өспүрүм келип түшкөн. Кырсыктын кесепетинен бала 1-2-даражадагы (30 пайыз) күйүк алган. Учурда анын абалы туруктуу экендиги айтылат.
Ал эми Ысык-Көл облустук милициянын маалымат катчысы Сталбек Усубакунов бул окуя боюнча кылмыш иши козголбой турганын билдирди.
"Телефондун жарылуусу бөөдө кырсык деп эсептелди. Себеби баланын чөнтөгүнө эч ким жарылуучу зат салган жок да. Башкача айтканда, окуяда кылмыштын курамы жок. Ээси телефон чыгарган компанияга доомат кое алат. Бирок ишти аныктоо кыйын. Себеби баланын энеси жарылган телефондун калдыгын таштандыга ыргытып ийген", — деди Усубакунов.
Мындан улам Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги уюлдук телефондордун жарылып кетүүсүнүн себебин жана алдын алуу жолдорун билип көрдү. Суроого "Академия Smart" окутуу борборунун негиздөөчүсү, чебер жана окутуучу Азамат Айтыкулов жооп берди.
"Уюлдук телефондорго, смартфон жана планшеттерге Li-ion батарейкасы салынат. Ал өзүнө аябагандай кубаттуу энергияны сактайт. Батарейкаларда тийишүү (замыкание — ред.) болсо, жарылууга алып келет", — деди Айтыкулов.
Ал белгилегендей, Li-ion батарейкаларында тийишип кетүүдөн сактаган атайын микросхема (батарейканы көзөмөлдөп туруучу — ред.) орнотулган. Микросхема эки максатты көздөйт:
1. Телефондун батарейкасына энергия толук кандуу топтолгондо зарядды кабыл алуунун өз убагында токтотулушу үчүн каралган;
2. Телефондогу батарейкаларды майда-барат тийишүүдөн коргоп, алдын алат;
Уюлдук телефондун жарылуусуна дал ушул аккумулятордук батарейкалардын көзөмөлүнүн иштен чыгуусу себеп.
Айтыкулов телефондордун жарылуусу адамдын өзүнө же предметке өтө кооптуу экендигин белгиледи.
"Li-ion батарейкасынын кубатын вулкандуу тоого салыштырса болот. Анда тийишүү болгондо чоң энергия тышка чыгат. Бул ден соолукка өтө кооптуу. Жарылуу өрт менен коштолгондуктан адамга жана айланасындагы нерселерге чоң зыян келтирет", — деди ал.
Ошондой эле адис кайсы компаниянын телефондору жарылууга көбүрөөк кабыла турганын так айтуу кыйын экендигин айтып берди.
Адис уюлдук аппараттын жарылып кетишин алдын алуунун жолдорун тизмектеп берди.
1. Уюлдук телефонду өзүнүн оригиналдуу зарядкасы менен гана заряддоо керек. Аппаратты жаңы алганда ичинде өзүнүн заряддагычы болот;
2. Уюлдук телефонду таң аткыча заряддабаш керек;
3. Чөнтөк телефондорду унаадан заряддоо кооптуу. Бул туурасында компаниялар ар убак эскертип келет;
4. Гаджет заряддалып бүткөнчө колдонбой эле турган жакшы;
5. Телефондогу батарейка шишип кетсе, дароо телефон оңдогон адистерге кайрылып, себебин билүү керек. Адатта каражат барсайып көөп кеткен учурлар көп кездешет.
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги буга чейин уюлдук телефонду жоготуп алган адам кандай кадамдарга барышы керек экендигин жана уурулуктун алдын алуу жолдору тууралуу жазган.